www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул күндөрү КСДПнын ичинде Атамбаевдин мураскерлигине илинүү боюнча ички интрига курчуп, хан ордодо таасири күчтүү топтор тымызын тирешүүгө өткөнү каңкууланууда. Асыресе, тизмеде Кубанычбек Кулматов, Сооронбай Жээнбеков, Иса Өмүркулов, Сапар Исаков баштаган үлкөндөр бар экендиги гана айтылганы менен ток этер чекит кимдир бирөөсүнө коюла элек.

Жогору жак менен “ымдашкан” өздүк булактарыбыздын билдиргенине караганда, соңку күндөрү Алмазбек Шаршеновичтин назары кеңешчиси Калыкбек Султановго түшүп жаткандыгы, жазга карай КСДПнын саясый кеңеши дал ушул курулуш магнатына токтолуп, сүрөп чыгышары боюнча күбүр-шыбырлар тарады. Ким билет, биринчи Кудайдын, анан В.Путин менен Атамбаевдин барманы менен өлкө башчылык буюруп койсо, Какеңдин деле президент болуп калышы ажеп эмес да.

Кичи мекени Кочкордо кадыр-баркы жогору болгону менен мунусунун деле жалпы өлкө боюнча бедели суктангыдай болбой жатпайбы. Катар-катар үй салганы менен башкасын эптей албасачы?
 

Булак: "АЗИЯnews.kg"

Последние новости