www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттигине Россиянын Эл артисти Филипп Киркоров маек берди. 24-февраль күнү борбор калаабыз Бишкекке келип, өзүнүн жеке концертин Кыргызстандагы күйөрмандарына тартуулады. Концерттин жүрүшүндө ырчы менен амандашып, чакан маек кылдык.

- Филипп мырза, Кыргызстанга кош келипсиз!?

- Меймандос Кыргызстан баарыңыздарга чоң салам! Мен абдан кубанып жатам. Жылуу тосуп алганыңыздарга толкунданып турам.

- Биздин өлкөгө канчанчы жолу келишиңиз?

- Орто Азия мамлекеттеринен менин көңүлүмө жаккан өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды да кошо алам. Себеби, канча жолу келбейин мени таза абасы, жылуу деми менен тосуп алат. Буга чейин Бишкекте болгом. Маалыматым да бар.

- Кыргызстан сизди эмнеси менен арбап алды?

- Эң биринчиден кооз жаратылышы, таза абасы, меймандос, сыйчыл, жөнөкөй, карапайым адамдары менен арбап алды. Концертке чейин Ала-Арча паркына барып келдим. Ала-Арча таң калаарлык өзгөчө жер экен. Анан да сый деп сөз кылып калдым, кыргыз ашканасы да өтө мыкты экен. Келген сайын керемет тамактарды таруу кылышат. КРнын президенти Алмазбек Атамбаевге мага кылган мамилеси, сый-урматы, көңүл бурганы үчүн ыраазычылыгымды билдирем!

- Концерт кандай өтүүдө?

- Менин оюмдагыдай жогорку деңгээлде өтүп жатат. Бүгүнкү кечте мени колдоп келген ар бир көрүүчүгө рахмат айтам. Абдан соонун колдоп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости