www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Урматтуу мекенчил, кайдыгер эмес жарандар. Атамбаевдин ойлонбой сүйлөп, оозуна келгенди оттогону үчүн мамлекетибиз уятка калууда. Элибиз жер тиктеп, башкалар алдында моралдык жактан басынып бүттүк. Экономикалык абалды айтпай эле коеюн, кымбатчылык.
Атамбаев күн сайын өзүм билемдик кылып, сүйлөп койгондун баарын эле камап жатат. Кыргызстан Атамбаевдин менчиги, кыргыз эли анын кулагын кесип алган кулдары эмес! Жетишет, келгиле туугандар миң күндүк келечек үчүн бир күндүк убактыбызды аябайлы!
Эртең, канчалык көп болуп келсек, Атамбаевдин бийлигинин акмакчылыгын токтото алабыз. Көп эл келсек, ал эсине келет.
Саат 12:00 Бишкек шаарындагы Горький Паркында өтө турган тынчтык митингге чакырам. Мен дагы атуулдук милдетимди аткарам!
Дариха Ишанова Фейсбук баракчасынан алынды;
Булак: NazarNews.kg