www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын мейкиндигинде эшектин терисин алабыз деген кызык жарнамалар пайда болду. Баасы 15-20 миң теңгенин тегерегинде, деп жазат «Караван» гезити. Сатып алуучулар менен телефон аркылуу байланышканда, алар этин өзүңөр жиликтейсиңер, териси куйругу жана кулагы менен болуусу керек дешти.

Ошондой эле эшектин жашы да баасына таасир этет экен. А алып кетиш үчүн өзүбүз келебиз дешти. Биздин андан аркы берген суроолорубузга сатып алуучу жооп берген жок, сатуучу катары силерди саткан товардан түшкөн акча гана кызыктырышы керек дешти. Ошол эле учурда  түштүк Казакстанда эшектер жоголуп жатты, кыштактардын четинде териси сыйрылган эшектин эттери  жатты.

Бир эле казактын айылынан 22 эшек жоголгон факты катталган. Полиция алардын изине түшүп , банда 5 адамдан тургандыгын, 10 уурулук фактысын мойнуна алышкан. Алардын айтымында терилер Кытайга жөнөтүлүп жаткан, ал жакта эшектин терисинен алына турган желатин эцзяого талап жогору экен. Бул препарат терини жашартып, иммунитетти көтөрүп, гормондордун деңгээлин нормалдаштырып, жашартат.

Маалыматтарга ылайык, жыл сайын Кытайда 4 — 5 тонна эцзяо өндүрүлөт, ал үчүн миллионго жакын эшектин өлүмү керек болот. Ушундай таңкыстыктын айынан Кытай дүйнө жүзүнөн эшектин терисин сатып алып жатыптыр. Мисалы, Индия менен Пакистандан тирүү эшек алып кетишет экен Кытайга, ал эми Россия, Украина, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстандан терисин гана алып кетет.

Шамил Жалилов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости