www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан үч күн мурун өз баракчама Текебаев камалгандан соң, Кыргызстанда эркиндик, демократия, бийликке сын айтуу, өз чындыгын издөө деген баалуулуктардын аны менен кошо камалгандыгы тууралуу пост жаздым эле. Менин ал пикирим менен бир тобуңуздар макул болуп, түрдүү комментарийлерди жазыпсыздар. Рахмат. Демек Кыргызстанда али көкүрөгүндө эркиндикти көксөгөн атуулдар көп экен. Бул кубандырат. Эмесе ошол кепти андан ары карай улантсам. Айтып оозду жыйа электе бийлик Роза Отунбаеваны тооруп калганын байкадыңар. УКМКга кече бир кезде Отунбаева менен азыраак иштешип калган Эмиль Уметалиев чакыртылды. Бул да чоң сигнал.

Демек жакында Атамбаев Роза апчесин абакты көздөй сүйрөй баштайт. Отунбаева эми түшүнөт кимдин колуна "граната" карматып алганын. Бул да эч нерсе эмес, андан соңкулары кызык. Жакында президенттике ат салышууга "ак ат минип, ак кийизге оролуп", айылынан бата алышып, алда кимдер аттана башташат. Ана ошолор ат эмес, "эшек" минишет көрөсүңөр... Айрымдары Атамбаев менен ымдашып алдым деп ойлошуп, шайлоодо шатырата акча таратышып, аягында ийгиликке жетише алышпай, добуштарын Сарпашевдин санагыч машинесине жуткурушуп, "иттен жок же ит байлаган жиптен жок" көчөдө кылыштары да мүмкүн. Эр болсоң анан бирдеме деп көр.

Ошондо баягы кыйкырып чыкса, Атамбаевдин кудайын эсине түшүргөн Текебаевдин оорду билинээр.. Башка кандай болмок эле? Азыр акчалуу аттуу баштуунун көбү Текебаевди камап салды керек болсо бул бийлик, биз эмне болуп калыппыз дешип, шымдарына "иш" кылып алышты. Алардын баарысы күч кайда оосо ошонун колуна суу куйууга жүгүрүшкөн жүгүнгүчтөр. Эми алар эки жакты карашпайт, Атамбаевдин СДПКсы кайсыл "чимкирикти" президентке талапкер кылып алып чыгышпасын ошону тегерене чимирилишет, шайлоодо добушту додолоп алып беришет. Ошентип, Атамбаев болжолдуу 65 пайыз менен добуш алып берип, артынан "Шералысын" шайлап кетет. Бирок, картина өзгөрүшү да мүмкүн... Ан үчүн Роза Отунбаева айтмакчы оппозициялык күчтөрдүн консультациялары конструктивдүү болуп, ар ким өзүнчө төш какмайлардын токтотуп, кыскасы жерге түшүү керек, эч ким эч кимге керкейбей. Мына ошондо гана оңдуу бир иш жүрүшү мүмкүн. Анын үстүнө бүгүн биздин кыргызстанда добушту акча менен же жергиликтүү аттуу баштуулар менен, же бийликтин таасирин кетирүү менен оомат оогон жакка кошо оогондордун көмөгү менен эле алат. Анан ойлонсоңор, азыркы оолугуп, бийликке барчумун дегендердин бирөөсүнүкүнөн башкасынын акчасы "мультимиллонердикинен" ашпайт, ал эми акчасы ашкан "азаматты" аттуу баштуулар укпайт. Өзүнүн да көчүгүндө калбыры катуураак калдырайт... Аны кошпогондо калгандары кабакты калың салышканы эле болбосо, акчасы да ченелүү, таасири да ченелүү, айрымдарынын жүрөгү да ченелүү ишемиясы бар :))) Оппозиция бүгүн мурда болбогондой күч менен, биригүүгө аракет кылышы керек. Мына ошондой болгон күнү гана бизнес чөйрөсү, элита, эл ичинде аттуу баштуулар, эсеп чоттуулар.., кыргызстандагы демократиянын өнүгүүсүн каалашкан, эркин шайлап, эркин жашоого кызыктар журтчулук да бул тарапка оошу мүмкүн. Болбосо, кош бол эркиндик. Телохранитель, шопур, Шералылардын бийлиги келет да Атамбаев "аталык" болуп, Арашандагы үйүндө олтуруп, башкара берет элди кээ кээде "балп" этип коюп. Кыңк этесең Сегизбаев алып барып, Текебаевдин жанына жаап койот. Азыр тарыхый учур. Же оңго.. Же солго...

Дариха Ишанованын Фейсбук баракчасынан алынды;

Булак: NazarNews.kg

Последние новости