www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Садыр Нуркожоевич, сиз 25-мартта Кыргызстанга келем деп жарыя кылганыңыздан кийин, УКМК чек арачыларга өлкөгө киргизбегиле деген буйрук берди. Ушундан улам оюңузду өзгөртүп, келбей койбойсузбу?

-Мени өз өлкөмө киргизбегиле деген маселени УКМК менен чек арачылар эмес, эл чечет! Эгер эл душманы болсом, киргизбегиле деп, эл айтышы мүмкүн. Бул бир. Экинчи, УКМКнын дагы, чек арачынын дагы мени өз өлкөмө киргизбей коюуга эч кандай укугу жок. Андай мыйзам да жок. Мен өлкөбүзгө чыккынчылык кылган жокмун. Киши өлтүргөн жокмун. Мамлекеттен бир тыйын уурдаган жокмун. Тескерисинче эл үчүн, мамлекетибиз үчүн, келечек муундарыбыздын жыргал жашоосу үчүн деп, башымды канжыгага байлап коюп, биздин өзүбүздүн эле эмес, дүйнөлүк алтын мафиясы менен кармашып келе жатам. 25-мартта сөзсүз келем буюрса. Ага чейин эл аралык сотко берүү боюнча иш кагаздарым толук бүтөт.

-Макул сизди чек арадан киргизди дейли. Киргизген менен аэропорттон Текебаевдей кылып, түз эле УКМКга алып кетсе кандай иш чараларды көрөсүз?

-Иш чараларды мен көрүшүм керек эмес. Иш чараларды эл көрүш керек. Жалгыз менин колумдан эмне иш чара келмек эле? Мен элдин кызыкчылыгы үчүн баштаган иштеримди аягына чыгарайын деп жүргөн бир эле кишимин. Эгер элдин өзүнө келечек муундун жакшы жашоосу, күчтүү, бай мамлекеттин кереги жок болсо, анда менин арманым жок. Албетте бийлик өз билгенин кылып, жалган жалаалар менен иш козгоп, камап коюшу мүмкүн. Эгер андай болсо, Кудайдын маңдайыма жазганын көрөм. Эң негизгиси баарын көрүп, билип туруп, эмнеге аягына чыгарган жоксуң дешип, тарых алдында эл өзү мени күнөөлөшпөсө эле болду.

-Буга чейинки президенттердин баары эле ушундай жалындуу сөздөрдү айтып жүрүп келишкен. Бирок келээри менен эле дүнүйөгө кызыгып кетишип, баарын унутушуп, дароо эле долларовый миллиардер болуп чыга келип жатышат. Сиз президентикке барам деген сөзүңүз бар эле. Президент болуп калсаныз, сиз дагы ошондой болуп кетпейсизби?

-Дүнүйөгө кызыксам саясатка келгенден бери эчак эле долларовый миллиардер болуп кетмекмин. Канчалаган шарттар, учурлар болду. Бирок кызыкпадым. Коррупцияга берилбедим. Себеби, дүнүйөнү көрүңө ала кетпейсин. Кудай маңдайга жазып, болуп калсам, эки шым костюм менен келип, эки шым костюм менен кетем. Бала-чакама деп дүнүйө чогултпайм. Ар бир адам өз таман акы, маңдай териси менен оокат табышы керек. Кудайга шүгүр, өзүмө жетиштүү оокатым бар. Бала-чака, небере-чөбөрөлөрдүн өз ырыскысы өздөрү менен кошо төрөлөт. Аларга деп жыйган оокатың, аларга эч качан буюрбайт. Чогултуп берген дүнүйөңдү керек болсо бир күндө чачып коёт. Мунун баарын башкалардын тагдырынан көрдүк. Ошондуктан, мамлекеттин күчтөнүшүнө, келечек муундардын жакшы жашоосуна шарт түзүүгө гана иштейбиз.

Булак: Де-факто

Последние новости