www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биринчи март күнү түнкү саат 3төр чамасында өз машинеси менен Бишкекте жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен оор абалда ооруканага түшүп, ички органдарына 2 сааттан ашуун операция жасалган КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков эсине келди. Ал эмне болгонун эстей алган эмес, бирок: “Мени менен кошо эч ким жабыркаган жокпу?” –деп сурганы айтылууда. 

Врачтар Илимдин абалы дале болсо оор экенин, баардык чаралар көрүлүп жатканын, сакайып кетүүгө мүмкүнчүлүк жогору экенин айтышууда. Учурда Илим мырзанын ден соолугу акырындык менен калыбына келе баштагынын жакындары, достору менен бирге, жалпы кыргыз эли кубанып турат.

Булак:“Фабула пресс”

Последние новости