www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индиялык дарыгерлер айрым учурларда мукормикоз инфекциясына чалдыккан бейтаптардын бир көзүн алып салууга аргасыз болушууда, анткени мукормикоздун андан ары жайылышынын ушул жол менен гана алдын алууга болот.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, мукормикоз илдетине чалдыккандардын көбүнчө көзү жабыркайт, андыктан аны сактап калуу мүмкүн эмес.
“Эгер грибок инфекциясы мурун көндөйүн жабыркатса, аларды тазалоо керек. Эгер ал көздү жабырката баштаса – көздүн уячасы гана калтырылып, көз алмасын, кабак, көздүн тегерегиндеги булчуңдарды алып салуу керек”, - деди Мумбайдык окулопластикалык хирург Акшай Наир.
Дарыгер белгилегендей, коронавируска караганда мукормикоздон көп өлүм катталууда.
Грибок инфекциясы көздү жабыркатканда аман калуу мүмкүндүгү 70%ды түзөт. Бирок инфекция мээге кирип кетсе, аман калуу мүмкүндүгү 10-15% га чейин төмөндөйт.
Индиялык дарыгерлер мукормикозго COVID-19дун оор формасын дарылоодо колдонулган стероиддер себеп болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.
Стероиддер коронавирус менен шартталган өпкөнүн сезгенүүсүн азайтат. Бирок алар ошондой эле иммунитетти төмөндөтүп, кант диабетине чалдыккан жана диабети жок бейтаптардын канындагы канттын деңгээлин көтөрөт.
Мукормикоз же “көк дат” - грибок инфекциясынан улам пайда болгон сейрек кездешүүчү кошумча оору. Оору айлана-чөйрөдөгү грибок споралары менен байланышта болгондордо же грибок кесилген, чийилген же күйгөн териге киргенден кийин өрчүшү мүмкүн.
Грибок көбүнчө нымдуу бөлмөлөрдө жана буюмдардын беттеринде, топуракта, өсүмдүктөрдө, чириген жашылча-жемиштерде кездешет.
Мукормикоз адатта адамдар үчүн коркунучтуу эмес, бирок иммунитети алсыз, мисалы, кант диабети, рак же ВИЧ менен жабыркагандарга өлүм коркунучун жаратышы мүмкүн. Ал мурундун былжыр челин, өпкө, ал тургай мээни да жабыркатат.
Булак: NazarNews.kg