www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колумбиянын түндүгүндө жайгашкан Барранкилья шаарында дарыгерлер тирүү адамды өлүк деп жарыялашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, 80 жаштагы Понедера шаарынын тургуну Канделарио Гутьеррес Эрнандес дем алуу көйгөйүнөн улам ооруканада жаткан. Эртең менен саат жетиде анын өлгөндүгүн айтышкан. 

“Бизге атамды табигый себептерден улам каза болду деп айтышты. Андан кийин бизге анын өлүмү тууралуу күбөлүктү карматышты. Анын сөөгүн атайын баштыкка салып ооруканада калтырганбыз. Бирок кийин табыт жасоочулар атамдын али тирүү экенин айтышты”, -деп анын кызы Гутьеррес Фонтальво айтып берген. 

“Мен аны кармаганда, ал ыйлап жиберди. Бир азга көзүн ачты. Андан кийин кайра көзүн ачып жумду. Анан мен үй-бүлөмө : “менин таякем тирүү” деп айттым”, -дейт жээни Лузнейра Гутьеррес.

Оорукана тирүү адамды өлдү деп жарыялаганы тууралуу эч кандай маалымат тарката элек. Гутьеррестин үй-бүлөсү оорукананы сотко береби же бербейби азырынча белгисиз.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости