www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев заманында далай чиновниктер жыргады. Мал-жандуу, үй-жайлуу, акчалуу болушту. Кандай жол менен экенин ким билсин.

Бирок бир чиновник такыр эле унутта калды көрүнөт. Ал Медетбек Керимкулов. Ооба, дал өзү. Такыр көрүнбөй кетти. Билбегендер үчүн бул үлкөн чиновник Бишкек шаарын алты жыл башкарып турган. Тагыраагы 1999-жылдан Акаев куулган 2005-жылга чейин.

Эмнеден улам бул адамды эстеп калдык? Азыркы Бишкекти жакшы билесиңер. Анда бир кездерде “Дружба”, азыркы “Ата-Түрк” паркы бар. Ал парктын айланасындагы чуу “Чубактын кунундай эле чубалып” азыркы күнгө чейин аягы суубай келет. Жакында эле эл өкүлү сымал Азиз Турсунбаев журналист кызды “иди отсюда” – деп чыныгы кейпин көрсөткөн жайы бар эмеспи. Анын мындай “итчилик кыялы” дал ушул парктагы анын жер участкасына байланышкан суроодон улам келип чыккан.

Мына дал ушул жашыл аймакты убагында Керимкулов жиликтеп салып, жалпысынан 88 жер участкасын сатып салган деген маалыматтар эл арасында күбүр-шыбыр болуп жүрөт. Эми азыр  бир кездердеги жашыл аймак курулуш полигонуна айланып кетти. Убагында ошентип “жыргап, чартаңбай” тепкен чиновниктер көрүнбөй кетсе сагынат экенсиң кадимкидей.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости