www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмоцияларды ичке катуу, ачка жүрүү, уйкунун канбашы, таза абада сейилдөөлөрдүн жоктугу, таттууларды жана фаст-фудду көп өлчөмдө пайдалануу калкан безин бузат. Бул тууралуу "Доктор Петр" порталына токсиколог, медицина илимдеринин доктору Михаил Кутушов билдирди.

Кутушовдун айтымында, калкан сымал бездин иши аз гана бузулса да, адамдын физикалык жана психикалык абалына чоң таасирин тийгизет.

Профессор биринчи кезекте келбет үчүн ачка жүрүүдөн баш тартуу керектигин эскертти. Узакка созулган тамак-аштын, витаминдердин жетишсиздиги калкан безинин бузулушуна себеп болушу мүмкүн.

«Айрыкча йоддун, селендин, цинктин, темирдин жана магнийдин жетишсиздиги калкан безибиз үчүн коркунучтуу. Булар гормондорду түзүүгө катышкан негизги минералдар», - деди ал.

Белоктун жетишсиздиги да кооптуу. Анткени керектүү заттардын синтезине катышкан гормондор жана ферменттер андан турат.

Фаст-фудду өтө көп өлчөмдө пайдалануу организмге олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Консервалардан, жарым фабрикаттардан, шекерден жана жөнөкөй углеводдордон баш тартканыңыз оң. Бул азыктар организмде сезгенүү процесстерин козгой алат.

Калкан бези өз функциясын кынтыксыз аткаруу үчүн таза абада көбүрөөк сейилдөө керектигин дарыгер баса белгиледи.

 

Последние новости