www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Литвалык дипломат:

Орус армиясынын Украинадагы атайын операциясынын ийгилиги көңүл жубатарлык көрүнүш эмес. Бул тууралуу Литванын ТИМ башчысы Габриэлюс Ландсбергис Foreign Policy басылмасына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Литвалык дипломат акыркы окуялар Орусияны жеңүү мүмкүн эмес экенин көрсөтүп жатканына токтолгон.

"Украинадагы абал боюнча бизге жеткен маалыматтар көңүл жубатарлык эмес. Атайын операцияда орусиялыктар ийгилик жаратып жатат. Орусия уттурбайт, бул жаатта алардын мүмкүнчүлүгү жогору", — деди Ландсбергис.

ТИМ башчы Москванын санкцияларга каршы жасаган кадамдары да кыйла ийгиликтүү экенин белгилеген.

"Алар буга туруштук бере алышат. Эгер мындай кысымга узак убакытка чейин туруштук берсе, анда бул геосаясий реалдуулуктун өтө кооптуу баскычында турганыбызды түшүндүрөт", — деген дипломат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо" жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Ошондон кийин АКШ жана НАТО өлкөлөрү Орусияга карата буга чейин болуп көрбөгөндөй катаал санкциялык чектөөлөрдү киргизген. Москва Батыштын мындай аракетин "экономикалык согуш" деп атоодо.

Үч айдан ашкан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундардан миңдеген курмандыктар катталды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости