www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик деңгээлде кайрымдуулук фондун түзүү керек. Бул тууралуу эл өкүлү Дастан Бекешев бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«1-июнь - Балдарды коргоо күнү. Бизде медициналык операцияга муктаж болгон балдар бар. Тилекке каршы, операция Кыргыз өлкөсүндө жасалбайт. Ата-энелери бизге депутаттарга жардам сурап кайрылып жатышат. Ошондуктан, мамлекеттик деңгээлде кайрымдуулук фонд түзүү керек. Мен буга чейин дагы бул сунушту айтып чыккам, бирок, ал ушул күнгө чейин маселе каралбай келет. Биз балдарга жардам беришибиз керек», - дейт Бекешев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости