www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир Сариев Аскер прокуратурасында суракка алынды

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев Аскер прокуратурасында суракка алынды. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына шилтеме берип жазды.

Маалыматка ылайык, Темир Сариев Кумтөр кенине байланыштуу кылмыш иштеринин биринде күбө катары суралган.

Ал эми Темир Сариевден бул тууралуу маалыматты тактоо азырынча мүмкүн боло элек.

Эскерте кетсек, 15-майда “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын кеңселеринде тинтүү жүргүзүлгөн. Кийинчерээк тергөө иш-чаралары коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөнү белгилүү болду. УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Кумтөр кенине байланыштуу төрт кылмыш иши бар экендигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости