www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлүшүнө байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ишти кароо 11-июнга жылдырылды. Буга 27-майдагы отурумга шектүүлөрдүн биринин адвокаты келбей калганы негиз болду.

Коронавирус пандемиясынан улам айыпталуучулар сотко Бишкектин №1 тергөө абагынан видео байланыш аркылуу аралыктан кошулду. Маркум Айзаданын адвокаты Нурбек Токтакунов бул иштин тез бүтүшүнө тоскоол болорун айтты.

“Онлайн сот негизи ишти тездетиш керек болчу. Азыр болсо тескерисинче сот процессин создуктуруп атат. Ошондуктан сотту онлайн кылбай эле шектүүлөрдү сотко алып келиш керек”.

Жазык кодексинин "Адам уурдоо", "Никеге туруу максатында ала качуу" беренеси менен беш адам шек саналып жатат. Алар төртөө Айзада Канатбекованы уурдоого катышкандар жана бирөө аларды ташыган таксинин айдоочусу.

Кызды кыйнап өлтүргөн Замирбек Теңизбаев өз жанын да кыйганынан улам 27 жаштагы Айзаданын өлтүрүлүшү бонча кылмыш иши кыскарган.

Бишкекте 5-апрелде Айзаданы бир нече адам күчтөп машинеге салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган кишинин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган.

Бишкек шаардык милициясы 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк милиция Айзада киши колдуу болгонго чейин зордукталганы кабарлаган.

Бул окуя коомдо чоң резонанс жаратып, нааразылык акциялар өткөн жана ИИМдин иши катуу сынга кабылып, 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости