www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Милициянын колун байлаган мыйзамды жокко чыгарышыбыз керек”, - деди бүгүн, 27-майда NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Бакыт Бакетаев.

--“Бүгүнкү күндө чечимдерди статистиканын негизинде жасашыбыз керек. Жаңы кодекстерди жазган группа булар ыкчам кызматкерлердин буту-колун байлап койду. Жакында эле чоң кылмыш болуп, өлүм менен аяктады. Мында ИИМди күнөөлөп коюшту. Ал эми милициялар биз ушул сыяктуу иштерди жана түшүндүрүү иштерин жакшы жасай албайбыз дейт. Чындыгында адам укуктарын сакташыбыз керек. Жарандык активисттер коркуп жатат. Аларды мыйзам бузуучулар десек болот. Өздөрүнүн кылмыш иштерин жашырганга аракет кылып жатышат. Биздин коомдо мыйзамсыздык үстөмдүк кылып жатат. Биз эски кодексти калыбына алып келбесек мыйзам бузулуп жатат”, - дейт Бакетаев.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын “Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү” жөнүндө Кодекси өз убагында, мыйзамсыз акча менен байыгандарды ооздуктоо үчүн кабыл алынган. Мурунку Кодекс боюнча ар кандай мыйзамсыз акча алууларга жол берилип келсе, эмки кодексте мыйзамсыз өз капчыгы үчүн акча алгандар катуу жоопкерчиликке тартылышат. Кимдир бирөөлөрдөн капчыгына акча толтуруп, анысы билинген соң да, суудан таза кутулуп кеткендер үчүн катуу чаралар көрүлөт.

Жазык-процесстик кодексинин 37-беренесине ылайык ыкчам бөлүмдөрдүн ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет: кылмыш тууралуу арыздарды каттоо, кылмыш болгон жерлерди кайтаруу, прокурор тарабынан берилген атайын тергөө амалдарын жүргүзүү. Кыргыз Республикасынын “Ыкчам –иликтөө ишмердүүлүгү” жөнүндө Кодексинин жаңы редакциясында кылмыштын алдын-алуу, бөгөт коюу, аныктоо жана кылмыштын бетин ачуу функциясын алардан алып салган.

Дүйнө жүзүндө Эл аралык тажрыйбаны изилдөө көрсөткөндөй жазык соту түпкү тамырынан бери өзгөргөн Украина, Грузия, Балтия, Казакстан сыяктуу мамлекеттерде жазык соттук өндүрүшүнүн мындай моделдери кезигишпейт. Ал эми Европада, АКШда кылмыштуулук териштирүүнүн эки түрү бар, Биринчиси, эркин, ыкчам кызматкерлердин жашыруун иш-чараларын жүргүзүүүсү. Экинчиден, бекем, алдын-ала тергөө ишинин алкагында иш-чараларды жүргүзүүүсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости