www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дастан Бекешев суракка чакыртылды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Аскер прокуратурасына суракка чакыртылды. Бул туралуу эл өкүлү өзү билдирди.

Бекешевдин айтымында, ал Жороку Кеңешиндеги Суу кодексин (Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн өнүктүрүү) кабыл алуу боюнча добуш берүү маселесине байланыштуу чакырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 8-июлдагы брифингинде Кумтөр иши боюнча тергөөнүн баштапкы маалыматтарын берген. Ташиев ырастагандай, кылмыш ишинин алкагында бир нече эпизоддор аныкталган. Жогорудагы кылмыш ишинде аты аталган айрым мурдагы жогорку кызмат адамдарына карата кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргендиктен жоопкерчиликке тартылбай калышы мүмкүн экенин билдирген.

Эске салсак, 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалган. 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев камакка алынды. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков, 17-июнда мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев кармалды. Аларга Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлду. Кийинчерээк Талант Узакбаев менен Алмазбек Баатырбеков үй камагына чыкты. Ошондой эле, Сарпашев дагы тил кат менен бошотулган.

Кумтөр ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Игорь Чудинов, Темир Сариев, ЖК депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы депутат Максат Сабиров жана башкалар күбө катары көрсөтмө берди.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык “Центерра Голд” компаниясы иштетет. Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” компаниясына экология жана салыкка байланыштуу 4,2 миллиард долларлык доо коюп, май айында “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. “Центерра Голд” айыптарды четке кагып, кыргыз өкмөтүн эл аралык сотко берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости