www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британиялык спортчу трибунада кыздардын сууга секирүү боюнча жарышын көрүп, ошол эле учурда кийим токуп отурган сүрөтү тарады. Синхрондук сууга секирүү боюнча олимпиада чемпиону, британиялык Том Дейли социалдык тармактын колдонуучуларын өзгөчө өнөрү менен таң калтырды. Бул тууралуу The Global Times жазды.

​Алтын медаль ээсинин аялдар арасындагы сууга секирүү боюнча мелдешти трибунада кийим токуп көрүп отурганын байкашкан.

 

​Анын сүрөтү Олимпиаданын Twitter баракчасына илинген соң өтө популярдуу болуп кетти.

Кийин спортчу өзүнүн Instagram баракчасына жагдайды түшүндүрүп, досторунун Иззи аттуу итине свитер токуганын айтты.

Спортчунун өзгөчө хоббиси тууралуу бир топ ЖМКлар жазды.

Спортчу өнөктөшү Мэтти Ли менен 10 метрден синхрондук сууга секирүү боюнча алтын медаль алган. Өзүнүн айтымында, токуу аны стресстик абалдан сактайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости