www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев дарыгерлерге укук коргоо органдары тарабынан кысым болуп жатканын айтып чыкты.

"Дарыгерлерге укук коргоо органдары тарабынан кысымдар болуп жатат деп Башкы прокуратурага кат менен кайрылгам. Сиз булар өз ыктыяры менен камераны алып, элден кечирим сурап жатат деп жооп берип жатасыздар. Бул жактан өкмөт алдаса, бир жактан укук коргоо органдары кысым көрсөтсө дарыгерлерди ким коргойт? Эч ким каалоосу менен тергөөчүнүн кабинетинде отуруп алып кечирим сурабайт. Бул туура эмес", - дейт депутат.

Башкы прокурор өз кезегинде Өткүрбек Жамшитов арыз даттануулар мыйзам чегине каралып жатканын билдирди. 

"Дарыгерлер өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал башталгандан тарта бирдиктүү реестрге 95 материал катталды. Ошонун ичинен 26 адам кечирим сурап жатат. Түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошол адамдардын ичинен прокуратурага арыз түшкөн жок", - деди ал.

Булак: NazarNews.org

Последние новости