www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчетун талкуулап жатышат. 

Талкуу учурунда депутат Абдыбек Дүйшалиев экс-депутат, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев боюнча Башкы прокуратуранын иш-аракетин сурады.

"Шадиевге байланыштуу "мыйзамсыз баюу" боюнча кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сырттан каралып жатат. АКШнын тиешелүү кызматтары менен иштер жүргүзүлүп жатат. Быйыл биздин тергөөчүлөр ал жакка барып-келмек болуп, бирок жагдайга байланыштуу кийинкиге жылып калды. Буйруса, бул иштер боюнча жыйынтык болот",- деди башкы прокурор.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура алгач Аскарбек Шадиевге карата КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту бул иштер боюнча чечим чыгарып, Шадиевди он жылга эркинен ажыраткан. Үй-мүлкү конфискацияланган. Ага издөө жарыяланган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости