www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Дастан Далабаевич, сиздин декларацияңыз коомчулукта чоң талкуу жаратып жатат. Жалгыз сиз эле эмес, дагы 76 депутаттын толтурган декларацияларында так эместиктер бар экени айтылууда. Парламенттин депутаттарынын дээрлик тең жарымынын декларациясы туура эмес толтурганын кандай түшүнсө болот?

- Менимче, көбүнчө техникалык каталар. Мүмкүн кээ бирөөлөр кайсы бир күн көрсөтпөй койгондур. Мен өзүмдүкүн айтчу болсом, мага «банкта болгон акчаңды көрсөткөн эмессиң» деп кине коюп жатышат, себеби, мага кечээ банктан кат келди. Алар өздөрү автоматтык түрдө эсеп ачкан, бирок, ал эсепте бир дагы тыйын жок. Булар «сен жашыргансың» деп атышпайбы. Башкалардыкы деле ушундай болушу мүмкүн.

- Бирок, салык кызматы деле болор - болбос каталар үчүн эле башкы прокуратурага жибере бербесе керек?

- Ооба. 2018-жылы 22-январда өкмөттүн токтому менен бекитилген атайын жобо бар. Ал жерде так жазылып турат, кирешеде өткөн жылга салыштырмалуу 100 миң сомдон ашуун, ал эми чыгашада 300 миң сомдон ашуун айырма болсо, анда жибериш керек. А менинкинде андай айырма жок. Ошол эле киреше. Эл «аа, Бекешовдун миллиондору бар турбайбы» деп ойлоп калышты. Жүз миң сомдон эки депозиттик эсебимди кызыма ачкам өсө берсиндеп,аржактан кошуп-кошуп...

- Эгер мүлкүн жашыргандар ашкереленип калса, андайларга кандай чаралар көрүлүшү керек?

- Сөзсүз жоопкерчилик болуш керек. Мүлкүн жашыргандарга керек болсо салыктан качканы үчун кылмыш ачылышы зарыл.

- Сиздин коммерциялык эмес уюмуңуз барбы?

- 2018-жылы мага балдар «Жарандык милдет» деп аталган жарандак бирикме ачалы деп келишкен. Бирок, ал бирикме иштеген жок. Кагаз жүзүндө эле калды. Бирок, мыйзам боюнча мен аны көрсөткөнгө милдеттүү эмесмин. Себеби, коммерциялык эмес уюмдарда үлүш деген түшүнүк жок. Ал киреше таппайт. Мисалы, мен коомдук бирикмеге акча берсем, ал үлүш эмес, мүлүк акы бопуп эсептелет. Булар ошону түшүнбөй жатышат. Ошон үчүн кийинки шейшембиде биз ушул маселени карайбыз.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости