www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунун Ынтымак айылында күйөөсү токмоктогон 34 жаштагы келин райондук оорукананын сынык жарат бөлүмүндө дарыланып жатат. Бул тууралуу аталган оорукананын өкүлдөрү жергиликтүү маалымат булактарынын бирине билдирди.

Маалыматка караганда, 14-январда жаткырылган бейтаптын мээси чайкалып, мурдунан жаракат алган. Мындан сырткары эки көзүнүн тегерегинде көк ала издер да бар.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын окуя 13-январда күндүзү катталганын маалымдады.

“Аялдын арызынын негизинде Жазык кодексинин «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Токмоктолгон келинге соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгына жараша окуяга юридикалык баа берилет”,- деп айтылат маалыматта.

Алында ала алынган маалыматтар боюнча, 4 балалуу келин Ынтымак айылында күйөөсү менен көп жылдан бери батирде турушат. Зомбулук фактылары бул үй-бүлөдө буга чейин да катталып турган. Өзү айылдагы мектепте мугалим, күйөөсү ошол эле жерде күзөтчү болуп иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости