www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илим өнүгүп, адам Айга учуп барса да, бүгүн илимпоздор жооп бере алабы: Арстан менен мышыктын жаны бирдейби? Эшектин жаны менен төөнүн жаны айрымаланабы? Айрымаланса эмнеси менен айрымаланат?  Адамдын жаны маймылдын жаны менен бирдей элеби же эки бөлөкпү? Бул жөнүндө илим эмне дейт? Харари Ю.Н. Sapiens. Краткая история человечества. Москва. Синдбад. 2019 г. 512 стр. “Геном человека не сложнее, чем геном полевки (у мыши 2.4 миллиарда нуклеотидов, у сапиенсов – около 2.9 миллиарда, последовательность всего на 14 % длиннее).” – стр. 477. МарковА. Эволюция человека. Том I. Обезьяны, кости и гены. Москва. Астрель. CORPUS. 2011 г. 464 стр. “...98 – 99 % генома (в зависимости от способа подсчета) идентичны у человека и шимпанзе» - стр. 250.

Анда адам баласына ким укук берген жан-жаныбарлардын баарын кырып жок кылганга? Демек, бабаларыбыздын даанышмандыгына, олуялыгына кантип таңгалбайсың?

Байыркы бабаларыбыз тирүүнү өлүктөн ажыраткан – жан, суурда болобу, кумурскада болобу, адамда болобу – бирдей касиетке ээ, – деп түшүнгөн. Жок, андай эмес, - деп илим бүгүн да айта албайт.

-Ушул өзөктүү ишенимдерди сиз өзүңүз турмушта көрүп калдыңызбы?

-Эки жашымдан мектепке барганга чейин чоң атам, чоң апамдын колунда жүрүп, үч ай кыш мезгилин албаганда, мал менен конуп, көчүп тоодо өстүм. Кийин ойлосом, мен үчүн бул улуу жана ыйык жылдар экен. Бир жолу эртең менен турсак, чарадагы сүткө чычкан жаңы эле түшүп, нары бери сүзүп  жүрүптүр. Чоң атам аны алып: “тоз алаканыңды, уясы курут жайган таштын түбүндө, балдары күтүп жаткандыр, итке жедирбей уясына аман алып бар” – дегени эсимде. “Жаңы конушка көчүп барып, боз үйдү тигип бүткөнчө “бар, шыраалжын алып кел” – деп мени жиберди  (алагийиз, төшөк, шырдактын  астына шыраалжын салынчу, курт-кумурска жолобойт,- деп.). Чоң атам мактайт - деп, эки таңгак алып келдим. Бир таңгак эле жетти, экинчи таңгак калып калды. Чоң атам катуу айтты: «Мындай кылбай жүр. Бул да жашагысы келет. Керектүүсүн гана ал, калганына тийбе!” – деп. Койду жайып, суу жээгине сугарганга айдап бардык. Суу ичип, койлор жуушап жатса, чоң атам суу бойлоп басып, алы жеткен таштарды оодарып жүрүптүр: “Бул жагы күндү көрдү, эми асты да күндү көрсүн” – деп. Бир конушка көнүп калсаң, аны калтырып, жаңы конушка көчкүң келбей калат: көч - машакаттуу, түйшүктүү иш. Бир күнү айыл аксакалдары чогулуп: “Жер саргайып кетти. Күнөөнү алып, жерди такырайтып жибербей, көчөлү. Элге да уят болбойлук. Баланчанын конушунан чаң чыгып калыптыр, - деп, жаман сөз угуп калбайлык,” – деди. Мына, ХХ кылымдын 50-жылдары эле болгон окуялар. Жерге, чөпкө, жаныбарларга кыргыздын кылган мамилеси – анын дүйнөтаанымын мүнөздөйт. Ысык-Көлдү, дарыя-суу-булактарды кыргыз ыйык тутуп, бетин, колун гана чайкап, ырымдап “суу өмүрдүн булагы” деп, таазим кылганын көрүп калдык. Бүгүн көл жана суу жээктери таштандыга айланып баратат...

Бабаларыбыз бизге кандай абалда Мекенибизди калтырды эле!!! Тирилип, кыдырып көрсө - инфаркт болот беле... Миң жылдар бою өзүн актап келген бабаларыбыздын жолунан адашып, дүйнө жүзүн бүгүнкү апаатка алып келген арам жолго түшүп алдык...

2016-жылы Рим Папасы Мексикага барды. Аны тосуп келген 130  миң адамга кайрылып: “Биздин бабаларыбыз силердин маданиятыңарды түшүнбөй, далай жамандык кылганы үчүн силерден кечирим сурайм. Силердин табият менен эриш-аркак жашаган улуу билимиңер бар экен. Бүгүн дүйнө эли ушул билимге муктаж болуп турат. Ошол билимиңерди жайылтуу – силердин улуу парзыңар!” – деди. Ал эми кыргыздын дүйнөтаанымы – бул билимдин башаты жана туу чокусу, үлгүсү жана тазасы!

-Отурукташкан элдерге караганда илим көчмөндөрдүн тамак-ашы сапаттуу жана витаминге бай болгон деп аныктаптыр. Бала кезде тоодо чоң атаңыздын колунда өсүп калыптырсыз, тамактануу кандай эле?

-Бийик тоодо бак өспөйт, отун тартыш  (тезек менен куурай),  мал таң атаары менен жайылып кетет, эртең менен жарма, айран, сүт, кымыз, түштө мал жайып айылдан алыс кетип каласың, кечинде күн батканда гана малды жайгаштырып бүтүп  (уйларды, койлорду, эчкилерди саап), анан барып жайбаракат ысык тамактануу болчу. Мал жайып чыкканда курут же бир-эки үзүм нан – ошону менен кечке жүрөсүң. Жазында: ышкын, сарымсак, тоо текей жейсиң  (мал жайып жүрүп), жайында тоо чие, чемирчек, балдырган, көбүргөн. Көрсө, бул өсүмдүктөрдүн баары дары чөптөр экен. Үзгүлтүксүз: сүт, айран, быштак, сүзмө, кымыз, каймак, сары май – булар да пайдалуу азык экен. Күзүндө: кекилик, чил, суур, кашкулактын эти, майы. Булар да дарылык касиети бар азык экен. Мергенчилер күзүндө, кышында эчки, теке, аркар, кулжа атып келишчү, – алардын эти да дары экен.

Таза суу, таза аба, тынбай кыймыл, ат үстүндө жүрүү - мунун баары ден соолукка пайдалуу турбайбы. Бут кийим тартыш, жаздан кыш түшкөнгө чейин балдар жылаң аяк, жылаң баш жүрчүбүз. Таманыбыз чор, согончок жарылып, канап, каймак сүйкөп эле жатчубуз. Кап көтөрүп, тезек терип, тикен болобу, таш болобу – жылаң аяк тоотпой жүрө берчибиз (кайсы бут кийим буга чыдасын?!).

-Адамдын дүйнөтаанымы жашоо шартка ылайык калыптанып, өзгөрүп турат экен да?

-Бул жөнүндө илим минтет: “...Идея о роли климата в эволюции человека  не только подтверждается новейшими данными, но и обрастает важными новыми подробностями”. – стр.171  (Марков А. Эвоолюция человека. Обезьяны, кости и гены. Том I, Москва, Астрель, CORPUS – 464 стр.). “Аграрная революция – одно из самых противоречивых событий в истории, Homo sapiens отрекся от родства с природой и устремился навстречу алчности и отчуждению”. – стр. 119; “Оседлый земледелец потерял не только землю, на которой кочевали его предки, - он оказался в искусственном, далеком от природы ландшафте”. – стр.120; Эки-үч миң жыл отурукташкан шартта жашаган элдердин табияттан алыстап калганын айтпай эле коюп, атактуу акын Турар Кожомбердиевдин эки сап ырын алсак болот: “Тиктебей калдык көктү, жыттабай калдык чөптү”... Мал жайып жүргөн кыргыз күндө эки-үч маал көктү карап, булуттарды узатып, жата калып чөптү, гүлдү жыттап, ары суктанып, ары таңгалып ой жүгүртүүсү менен ааламды алты айланып, асман менен киндиктеш экенине өзүн бактылуу сезип, ырахат алчу эле...

Ошол кыргыз элүү жыл өтпөй бүгүн бир жылда бир жолу асманды карап коебу? Эрмен, шыбак, жалбыс, шыраалжынды бир эмес, он жылда бир жыттайбы? Асман толо жылдыздарды карап, өзүн аларга кошуп, бир  экенин сезеби? Нечен миң жыл бою отурукташкан турмушта жашагандардын дүйнөтаанымы улам тарып олтуруп, бүгүн эки-үч бөлмөлүү батир, дүкөн, кеңсе, телевизор менен чектелип калбадыбы...

Талаа менен токойдон айрымаланып, тоолор адамды такай өзүнө тартып турат. Бул кырдан ашсам, тиги чокуга чыксам  андан  нары эмне бар экен? – деген суроо такай кызыгуу жаратып, адамды изденүүгө, жаңыланууга шыктандырып, анын дүйнөтаанымын өзгөчө калыптандырат.

“Нам древний крестьянин покажется жалким бедняком, но у него с семейством было больше вещей, чем у целого кочевого племени”. – стр. 121  (Харари Ю.Н. Sapiens. Краткая история человечества. Москва, Синдбад. 2019 г., пер. с англ. – 512 стр.). Нечен миллион жыл күнү-түнү, бир көз ирмем да табияттын кучагынан чыкпай жашаган адам кийин болгон эле 7 – 9 миң жыл убакытта өзүн жаратып, адам кылган улуу, түбөлүк табияттын өзүн кууратып, кыйратып, булгап, ага каршы химиялык, техникалык, илимий согушту ачык жарыялап, бүгүн анын жообун коронавирус аркылуу көрүп турат.

Анын башкы себеби – адамзааттын (анын ичинде кыргыздын да) дүйнөтаанымы өзгөрүлүп, өзүн табияттан өйдө коюп, пейили тарып, ыйманы сууп, өзүмчүл, ачкөз, дүнүйөкор, алдамчы, адам эмес, киши эмес, пенденин деңгээлинен да төмөн түшүп, айбан абалына багыт алганы болууда… (баласы атасын зордуктап, атасы кызын зордуктап, эркек эркек менен, аял аял менен баш кошуп, өзүнүн байыркылыгын, улуу жана аруулугун унутканы кейитет). Түбү бир, тили бир кыргыз менен уйгур элинин тарыхый жолу ажыраганына 2.5 миң жыл болду. Алар отурукташып, жер иштетүүгө өттү. Бүгүн алардын дүйнөтаанымы, маданияты, салты да кыйла өзгөрүлдү.

Отурукташкан элдер бара-бара табияттын тарбия, аруу таасиринен алыстап, байлык, бийлик, буйум-тайымдын кулу боло баштады, бай-кедей, ак сөөк - кара сөөк болуп бөлүндү, өзүмчүл, ачкөз, жалганчылык жолуна түшүп, турмуш адам чыдагыс болуп бузула баштаганда дүйнөлүк диндер жаралып, тозок, шайтан менен коркутуп, бейиш менен азгырып аз болсо да жараткандын жолуна чакыра баштады. Арадан эки-үч миң жыл өттү. Жүрүп олтуруп, капитализм, акча, байлык ыйык китептерден күчтүү болуп, адамды айбан жолуна айдап, адам касиетинен алыстата баштады. Ошентип, адамзат бүгүн дүйнөлүк көйгөйлөргө учурап, аларды чече албай, жарга такалып, эси ооп, үч миллиард адам үйлөрүндө камалып, сыртка чыга албай олтурат…

Муса пайгамбарга таандык Тоораттын байыркы Келишиминде (болжолдуу үч миң жыл илгери жазылган) минтип айтылган: «Эң башында Кудай асман менен жерди жаратты, жарык берди, анан асман, аба, анан жер, деңиз, чөп, дарак, анан күндү, айды, жылдыздарды анан жандык, балык, канаттууларды анан, алтынчы күнү өзүнө окшоштуруп адамды жаратып: «жаныбар, канаттуу, балыктарга жерди ээлеп бийлик кылгыла» - деди. Анан баарын жаратып, жетинчи күнү эс алды… Кудай топурактан адамды жаратты, анын кабыргасынан аял жаратты» - деп айтылат. Кыргыз дүйнө таанымында мындай түшүнүктөр барбы?

Бул отурукташкан турмушта үч-беш миң жыл жашап; табияттан алыс болуп калгандан кийин пайда болгон дүйнө тааным.

Кыргыз Жаратканды (Теңир деп тергеп) эгерим адам бейнесине окшош деген эмес. Ал асмандын тогузунчу катмарында, Күн анын касиетин нур кылып таратат, ошон үчүн Күндү адам карай албайт деген. Жүз – жүз элүү миң жыл илгери калыптанган (эң байыркы) дүйнөтаанымда адам жаныбарларга, канаттуу, балыктарга, жерге бийлик жүргүзөт деген түшүнүк болуу мүмкүн эмес эле. «Атабыз – Нур, энебиз – жер, каныбыз – суу, жаныбыз – аба» - деген бабаларыбыз кантип адам топурактан жасалды десин? Тукум улоодо аялдын түйшүгү түмөн, азабы чексиз, ар адамга жараткан жанды эне аркылуу бир буту бул дүйнөдө, бир буту аркы дүйнөдө ажал менен арбашып берет – деген кыргыз эгерим «аял эркектин кабыргасынан пайда болду» - деп айта алган эмес. Тескерисинче, кыргыз аялга «сүйгөн жарым», «мага жар» (жарым – менин теңим, жарымым бол деген. XXI кылымга чейин). Улуу обончу Рыспай Абдыкадыровдун «Качан мага өмүрлүккө жар болосуң?!» - деп ырдаганын угуп жүрбөйбүзбү!!! Үч миң жыл мурун ыйык китепте адамды баарынан бийик койгону үчүн бүгүн адам баарын кыйратып; талкалап, булгап, «жеген» «жети баштуу желмогузга» айланып, Жараткан «буга чыдабай табият аркылуу акылыңа келгиле» дегенсип коронавирус жиберген жокпу? Же сөзсүз эле Жараткан Канададагы Йелоустоун жанар тоосун ойготуп, жарып, жер жүзүнө алаамат жибериши керекпи?

-Кыргыздын бул дүйнөтаанымы жөнүндө тарых булактарында маалымат барбы? Ал эскерилеби?

-Маалымат арбын. “В Вавилонии со времен Саргона Аккадского и вплоть до периода Хаммурапи имя царя писалось  с детерминативом DINGIR  («бог»), которым обычно обозначались боги и предметы поклонения» - стр.78  (А. Оппенхейм. Древняя Месопотамия. Портрет погибшей цивилизации. Москва, «Наука», пер. с англ. М.Ботвинника, 1990 г. 319 стр.).

Саргон Аккадский биздин доордон 2316 жыл мурун туулуп, 2261-жылы 55 жашында каза болгон. Демек, 4300 жыл илгери Теңир таанымы Вавилонго жетип, падыша Теңирдин буйругун аткарган адам – дегенди туюнткан.

«Сущность этой религии заключалась, прежде всего, в развитии чувства справедливости. Хэрил этими правдивейшими из людей назывет саков. От Эфора, жившего при дворе Филиппа, царя Македонского, отца Александра Великого, узнаем, что за Пантикапесом (около Азовского моря) обитают «разные кочевые народы, отличающиеся особенным благочестием так, что никто из них не причинит страдания даже животному, народы, которые перевозят свои дома с места на место; питаются молоком от кобыл, и все достояние имеют общим между собой. Особенно похвальными нравами отличаются по Эфору, некоторые из Скифов, питающиеся кобыльим молоком, превосходящие справедливостью всех прочих смертных» - стр. 77;

«Учение, проповеданное Сиддартой – Шакья-Муни в Раджагрихе, т.е. Буддизм, было не личным его изобретением, а учением, господствовавшем уже издавна между Саками, к которым он принадлежал по происхождению, учением, которое он только распространил в Индии!» – стр. 79;

«На существование этого Буддизма имеется уже значительное число указаний, но никем еще не сведены они вместе и не выяснены.  Когда это будет сделано кем-либо, совершенно новый свет озарит древнее население Европы» - стр.80 (Григорьев В.В. О скифском народе саках. Алматы, «Хант», 1998 г. 256 стр.). Бул эмгек 1863-жылы белгилүү орус тарыхчысы В.Григорьев тарабынан жазылган.

Ушул эле китептин 100-бетинде минтип жазылат: «Что касается до тех частей этого народа, которые жили по долине р. Или и еще далее на север, то полагает Клапорт, смешались они в последствии с племенем Тюркским и из смеси этой образовался народ, известный под именем Киргизов, у «которых голубые глаза и рыжие волосы встречаются весьма не редко». Будда монахтары кол добулбасын «Тенко» дейт, теңирге байланыш түзгөн аспаб» - деп, жапон эли императорун «Тен-но» дейт, теңирдин буйругун аткарган адам» - деп. Биздин доордон 1200 жыл мурун Кытай императорун «Шань-ди» дечү: «Верховный владыка» - деп. 1200 жылдан кийин анын зоболосун көтөрүп, «Тянь-ди» дей башташты: «Небесный владыка» - деп. Теңирди түркүн элдер 6 – 7 миң жыл илгери Азия, Африкада таанып «Таңри, Таңгаро» деп атаганы байыркы тарых булактарында көп кездешет.

Саясатчы Дастан Сарыгулов менен маек алган Темирбек Токтогазиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости