www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Илгери доо-арыздар кантип чечилип, бийликти кантип жүргүзгөн?
- Доо-арызды эл шайлаган бийлер караган. Эки тараптан жактоочулардын саны чектелбеген. Териштирүү дайыма ачык жүргөн. Бийлер чечимин элдин наркына, салт-адатына ылайык чыгарган. Эки тарап тең ыраазы болгондо кароо токтотулган. Ыраазы болгон тараптар наркка ылайык бийдин көңүлүн алган. Бул пара деп каралган эмес. Бирок, көп учурда доо-арыздар аксакалдардын кийлигишүүсү менен эле чечилип турган.
- Байыркы бабаларыбыз бийликти кантип жүргүзгөн?
- Бул жөнүндө төмөнкү маалыматты келтирсек болот: “10 миң түтүн болбосо бий болбойт экен. 10 бийди башкарбаса бек болбойт. 100 миң түтүндү башкарбаса “паңпаң” хан дебейт экен. Алты паң-паң ханды башкарбаса бир чоң хан (зал) делбейт экен. Паң паң хан – орунбасар хан делген, чоң хан - зал хан делген» - 40-бет (Төлөк Төрөкан уулу. «Кыргыз Эл санжырасы. Кызылсуу кыргыз басмасы, «Улуу тоолор» басмасы. 2015-ж. 471бет).
- Чарба иштерин эл бийликке көз каранды болбой өз аракети менен жүргүзгөн. Күнүмкү турмуш нарк, салт менен жөнгө салынып турган. Доо-арыздар уруу аксакалдары же бийлер тарабынан адилет, калыс чечилип, элдин ынтымак-биримдиги камсыздалган. Бектер, хандар чек ара, согуш маселелерин гана караган.
Чарба эркиндиги элди бийликке көз каранды кылбай, өз алдынча өзүн-өзү башкарууга негиз берген, жана көндүргөн.
“Вряд ли можно говорить за сколько-нибудь серьезное значение ханской власти у киргизов.
Последняя никогда не принимала здесь той деспотической формы, которая была ей свойственна у других азиатских народов, и каждый род, руководимый своим бием или старшиной и предводительствуемый своим батыром, свободно вступал в союз и столь же свободно выделялся из него.
Всякое же самовластие и нежелание считаться с авторитетом родовичей, проявлявшееся со стороны того или иного хана, никогда не было продолжительным и окончивалась для последнего самым печальным образом, не только лишая его всех подвластных ему киргизов, но и заставляя его даже бежать из собственной страны”. – стр.181 (Чулошников А.П. «Очерки по истории киргиз-казахов» , Астана. 2007 г.).
Ч. Валиханов «Страна шести городов», Москва, 2017 г. «Дикокаменная орда не имела с самых древнейших времен ни ханов, ни султанов, ни беков, а управлялась своими старейщинами патриархально», - стр. 363.
Этнограф-изилдөөчү Чулошников А.П. XIX кылымда таамай байкагандай, кыргыз элинде кандын бийлиги абдан чектелген жана Россия, Европа, Чыгыш Азия, араб элдерине салыштыруу мүмкүн эмес эле.
Төлөк Төрөкан уулу өзүнүн “Кыргыз Эл санжырасы” аттуу китебинде хандар тышкы мамилелерди карап, ички иштерге анча кийлигишпегенин баяндайт.
“60 – 70 аксакал хандын үстүнөн карап туруп, хан бийлигинин өөдө-ылдый болгондугун түзөтүп, таарынганды тартуу менен, урушканды мал союу менен элдештирип, чапан жаптырып... баскан экен. Бул кадимтен тартып кыргызга каада-нуска болуп калган экен.” – 72 бет.
Бул “Орозду хан баяны” – деген бапта айтылат, демек Манас, Кызсайкал дооруна таандык болгон - өтө байыркы мезгилде.
Мындай абал XIX кылымга чейин сакталып келгенин Ч.Валиханов да белгилейт.
СССР тарагандан кийин отуз жыл убакытта КМШ өлкөлөрүнүн арасынан жалгыз кыргыз эли гана эки президенттин өзүмбилемдигине катуу нааразы көрсөткөндүн түбү тарыхтын тереңинде жатат.
Алибетте, бул батыштан келген демократиянын таасири эмес, тескерисинче, батыш кыргыздан үлгү алып, үйрөнө турган чыныгы демократия.
«Российские академические экспедиции XVII века об этнографии казахов”, Астана, 2007 г.: “Многочисленный киргизский народ живет в неограниченной вольности. Каждый киргизец живет так, как вольный господин” – стр. 84. Паллас I, 579 стр.
Автор, Дастан Сарыгулов.
Булак: NazarNews.kg