www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илим антропогенез социогенез менен ажыратылгыз бирге жүрүп, ал эми кийинки 500 миӊ жылда социогенез көбүрөөк мааниге ээ болгонун далилдептир. Кыргыз тарыхы, тили, дүйнө таанымы 150 - 100 миң жыл илгери башталганына илимде ынанымдуу далил бар экен. Ал эми социогенездин калыптанышы жана өнүгүүсү жөнүндө илим эмне дейт?

Кийинки бир кылымда үй-бүлөдө, коомдук жана саясий турмушта зор өзгөрүүлөрдү изилдеп, иликтеген социология илими далай ийгиликтерге жетти. Бирок, социологдор дагы эле турмуштан артта келе жатат. Буга далил катары акыркы 50 жылда адамзат учураган көйгөйлөрдү айтсак болот. Маселен, Кытайда коронавирус 85 миң адамга жугуп, басандаса, АКШда бүгүн бир миллиондон ашып, Италияда 160 миң, Испанияда 150 миң адамга жукту. Булар дүйнөдө эң өнүккөн өлкөлөр, медицина тармагы да күчтүү...

Эми бизди кызыктырган суроого кайрылсак. Бабаларыбыз адам болуп, адамча жашоодо кандай жолду басып, эмнеге жетишти эле?

Эволюция жолунда 100 миллион жыл макулук, 50 миллион жыл айбан болуп жашап, кийинки бир миллион жылда пенде болууга жакындап, акыркы 150-100 миң жылда киши болуп, ал эми Адам болууга жетип-жетпей жатканыбыз социогенездин жолу татаал болгонун тастыктайт.

Илим минтет: "Становление первобытного человеческого общества было индивидуализма..., процессом когда обуздания зоологического биологические инстинкт - пищевой и половой - были поставлены под социальный контроль. Появились нормы поведения, ограничивающие проявление биологических инстинктов. Эти нормы были запретами и выступали в форме табу." - стр. 244;

"Первобытное общество на ранних стадиях своего развития было роловым. По крайней мере назаключительном формирование общества было процессом становления (Бромлей Ю.В. Перший А.И., Семенов Ю.И. История первобытного общества., АН СССР. «Наука», Москва, 1983г.). Илимий тереңдикке кирбей, маалыматты жөнөкөйлөштүрүп бергенге аракеттенелик.

Тоо шартында жашоо бүгүн да кыйла оор. Ал эми 300-200 миң жыл илгеркини айтпасак да түшүнүктүү. Демек, ал мезгилде аман калуу бир эле шартта мүмкүн эле - биригүү, жамаатташуу, топтун же жамааттын кызыкчылыгына баш ийүү, өзүмчүлүктү, жеке муктаждыкты басынтуу, ынтымак-биримдикти сактоо, багындыруу, адилет, калыстыкка көнүү, балдарга, карыларга кам көрүү ж.б.

Бул эреже, талаптарга көгбөгөндөр бат эле жок болгон (орудан, сууктан, ачкадан, кырсыктан, жырткычтардан ж.б.). Бул адам болуунун алгачкы кадамы болгон. Ошол эле учурда топтун, жамааттын ар мүчөсү, жеке адам да арамза, митайым, жалкоо, орой, калпычы болсо ал дароо билинип, аны топтон, жамааттан кууп жиберүүгө топ, жамаат аргасыз болгон.

Андай чара көрүлбөсө топ, жамаат өзү жок болгон. Бул табияттын, демек, Жараткандын мыйзамы болгон. Алибетте, мындай талапка жооп берүү үй-бүлө, ата-эне-бала, жакын туугандык мамиледе гана мүмүкүн эле. Бул дагы табияттын, демек, Жараткандын талабы болгон. Талаа менен токойдун шарттарына салыштырганда, тоодо социогенез эрте башталып жана ыкчам жүргөн.

- Муну илим кантип далилдеген?

- Илим далилдегенин төмөнкү үзүндүлөр тастыктап турат:

Российская Академия Наук. Институт языкознания. Языки мира. Тюркские языки. Редколлегия (10 академик), Москва, 1996. г. 543 стр.

«Согласно известной гипотезе В.М. Иллич-Свитыча, Алтайские языки вместе индоевропейской, семито-хамитской и картвельской языковыми семьями объединяются на основе генетического родства в единую ностратическую макросемью». - стр.7;

"Алтайская общность распалась значительно раньше остальных пяти языковых общностей, входящих в остальных постратическую макросемью Современные исследования относят период распада алтайского праязыка к Х тысячелетию до н.э. (О.П.Суник), VII тысячилетню до н.э. (С.А. Старостин).

Можно полагать, что Алтайские языки, как типологически сходные, образуют единство и в генетичеком плане, будучи языками, развившимися из одного праязыка» - стр. 8.

Алтай топ тили байыркы тилдердин баарынан кыйла мурун чачырап, тараган, - деп жатпайбы илим. Алтай топ тилинин курамына: 36 түрк тили, монгол-ойрот-калмак, тунгус манжур, корей жана жапон тили кирет.

Кыйла мурун тараган - дегендин мааниси терең. Ал доордо элдин саны көбөйгөн эмес: өлүм кеп болгон (төрөттөн, ачкадан, сууктан, оорудан, кырсыктан ж.б.). элдин саны өсүп, жер тар болуп, жаны жерлерди өздөштүргөн үчүн эл тараган, ага байланыштуу тил дагы чачырап, бөлүнгөн. Элдин саны эки шартка ылайык өскөн.

Биринчи. Социогенез бийик денгээлге көтөрүлгөн: ынтымак, биримдик, жамааттын кызыкчылыгы кызыкчылыктан өйдө болуп, мамилелер жеке сый-урматка негизделген, адилет, калыстык, теңдик орун алган, адамдар адамча жашаган ж.б.

Экинчи. Жылдыздар, ай аркылуу аба ырайлы алдын-ала билип, чыгашага, кырсык-өлүм-житимге көп учурабаганы үчүн. Алтай топ тилинин эң байыркысы - түрк тили, анын ичинде кыргыз тили да болгон. Калган байыркы тилдер кыйла кийин тараган (элдин саны кийин өскөн).

Буга кошумча дагы бир үзүндү келтирсе болот. "Для охотников-собирателей характерны высокий уровень эгалитарности (имущественного и социального равенства) и слабо выраженная иерархия... Решительное преобладание иерархических отношений сложилось лишь последние 10 тысяч лет в связи с развитием сельского хозяйства и появлением материальных ценностей, за обладание которыми имело смысл бороться. Некоторые антропологи усматривают в эгалитаризме чуть ли не главный ключ к пониманию эволюции человека". СТР. 273-274. (Марков А. Эволюция человека Обезьяны, нейроны и душа. Москва, "Астрель"CORPUS том II, 512 стр.).

Кыргызда "Теңирим теңдикти жалгайт» - деп илгери эле айтылганы белгилүү. «Элде болсо тең болсун. Тең болбосо көпчүлүктүн сугу өтүп кетет» - бул дагы теңдикти даңазалоо.

- Too шартында жашоо жеке адамга кандай талаптарды коюп, сапаттарды мүнөздүү кылган?

- Бул сапаттарды табият өзү талап кылган. Жан сактап, аман калуу үчүн адам ушул сапаттарга муктаж болуп, аларга жетүүгө умтулган. Ошого жараша ийгилик жаратып, сый-урматка жеткен, эл башкарган.

"Биз" (үй-бүлө, урук-тууган, эл) деген түшүнүк, ой жүгүртүү "мен" деген сезимден дайыма бийик турган жана улуу болгон. "Элине пайдасы жок тирүүнүн өлүгү" - деген сөз муну ырастап турат. Бирок, бул түшүнүк үй-бүлө, урук тууган, элде адилет, калыстык, акыйкат болушун талап кылган жана ошондо гана өзүн актаган. Табияттын татаал шарты өлбөй, аман калуу үчүн адамдан эрктүү, чыдамдуу, кайраттуу, сабырдуу, жоопкерчиликтүү, көтөрүмдүү, кечиримдүү, токтоо, боорукер, чынчыл, намыстуу, уяттуу болууну талап кылган. Жалкоо, бой көтөргөн, керсейген, менменсинген, орой, ачуусун кармай албаган, жеңил ой, сөзүнө турбаган, калп сүйлөгөн, өзүмчүл адам элден, урук-туугандан бат эле чыгып калып жок болгон, же акылга көнгөн, акылга көнбөсө акыры азапка көнгөнгө аргасыз болгон. 50-70-100 миң жыл убакытта бул сапаттар адатка, жазылбаган мыйзамга, мүнөзгө айланып, канга, жанга сиңе баштаган.

Бул сапаттар жалан эле кыргызга эмес, тоодо жашаган бардык элдерге, негизинен, мүнөздүү болгон. Тоодо жашаган эфиоптор, афган эли ж.б. эгерим бир дагы империянын колониясы болгон эмес.

Тоолордун шарты дыйканчылыкка анча ылайык эмес, мал чарба жана анчылыкка ыңгайлуу. Демек, көчүп, көнүп жашоону талап кылган. Качмен турмуш жонокой болот, ашык мулк,буюм-тайымдарды четке кагат, адамды күйнө корлуктан, өлүк дүнүйөгө кул болуудан сактайт. Тоодо жашаган адам табиятты үй катары кабыл алат, ага сый-урмат мамиледе болуп, сүйүү сезимин түбөлүк жүрөккө сактап өтөт. Талап, токойго салыштырганда тоодо жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн түркүн түрлөрү көп, түнкүсүн жылдыздар жакын, кол сунсаң жетчүдөй, сыйкырдуу дүйнөгө чакырып тургансыйт.

Демек, адамдын жан дүйнөсүда, ою да, сөзү да, тилеги, максаты, жүрүм-туруму да аруу бойдон кала берет. Тоо шартында алкаголь ичимдиги, чылым тартуу, наша чегүү оор жоготууга учуратаары талашсыз. Ошол үчүн андай тере корунуштер тоодо жашагандарга мунездүү болгон эмес. Кайсы эл. кайсы жер болбосун, адамдар эс алганда тоого умтулат. Эмне үчүн? Жан дүйнөсүн тазалоо, күч-кубат алуу үчүн. "Жашоонун баары өмүр болбойт" - дейт кыргыз. Бул кыштак, шаарларга айтылган болушу керек...

- Жеке адамга мүнөздүү болгон сапаттар үй-бүлө, урук-тууган, жалпы болгон, эл турмушу менен кандай байланышта болгон?

- Алибетте, үй-бүлөдө, урук-тууган арасында, жалпы элде бул сапаттар ынтымак, биримдикти арттырган, майда таарынычтарды, келишпестикти жөнгө салган, кайрымдуулукка негиз болгон, социалдык, материалдык теңдикти камсыз кылган, өсүп-өнүгүүнүн пайдубалы болгон.

"Адам Адам менен Адам", "Эл байлыгы Адилет, таянычы калыстык, келечеги - Акыйкат", "Тирүү журуп санда жок, өлгону менен кордө жок", "Бийлик Жаратканда, андан кийин - элде" ушул ж.б. макал, учкул сөздөр кыргызда "социогенез" - адам болуп адамча жашоонун маңызын түзгөн.

- Байыркы доордо аялзаттын оорду жана ага кандай мамиле болгон?

-Күнүмкү турмуш-тиричиликтин оор жүгүн жана тукум улоо түйшүгүн көп кырсыктуу тоо шартында аялзат которгонун бабаларыбыз баалап, "аял үйдүн шам чырагы, тилеги", - деп сый урмат мамиле кылган. Жер - эне, эне - тил деген сөздөр муну тастыктап турат. Бир дагы эркек энелей балдарына кечиримдүү, тилеги ак жана өзүн курмандыкка чалганга даяр боло албаганын ар адамга Теңир жанды аялзат аркылуу берерин кыргыз жакшы билген.

- Жесир, жетимдердин абалы кандай болгон?

- Жетимдерди атасынын ага-инилери асырап жесирди кайнага же кайнисине башын кошкон. Алар кароосуз же тентип калган эмес, милдети жакын туугандарында болгон Россиянын көпчүлүк областтарында бүгүн жетим жана таштанды балдарды баккан 10-15 балдар үйлөрү бар. Кыргызстанда жүз миңден ашык ажырашкан аяллар балдарына алимент ала албай жүрөт. Мындай терс көрүнүштөр кыргыда эгерим болгон эмес эле.

- Доо-арыздар кантип чечилип, аларды ким караган?

- Доо-арызды эл шайлаган бийлер караган. Эки тараптан жактоочулардын саны чектелбеген. Териштирүү дайыма ачык жүргөн. Бийлер чечимин элдин наркына, салт-адатына ылайык чыгарган. Эки тарап тең ыраазы болгондо кароо токтотулган. Ыраазы болгон тараптар наркка ылайык бийдин көңүлүн алган. Бул пара деп каралган эмес. Бирок, көп учурда доо-арыздар аксакалдардын кийлигишүүсү менен эле чечилип турган.

- Байыркы бабаларыбыз бийликти кантип жүргүзгөн?

- Бул жөнүндө төмөнкү маалыматты келтирсек болот: "10 миң түтүн болбосо бий болбойт экен. 10 бийди башкарбаса бек болбойт. 100 миң түтүндү башкарбаса "паңпаң" хан дебейт экен. Алты паңпаң ханды башкарбаса бир чоң хан (зал) делбейт экен. Паң паң хан орунбасар хан делген, чон хан - зал хан делген" - 40-бет (Төлөк Төрөкан уулу. "Кыргыз Эл санжырасы. Кызылсуу кыргыз басмасы. "Улуу тоолор" басмасы. 2015-ж. 471бет).

- Чарба иштерин эл бийликке көз каранды болбой оз аракети менен жургузкон. Күнүмкү турмуш нарк, салт менен жөнгө салынып турган. Доо-арыздар уруу аксакалдары же бийлер тарабынан адилет, калыс чечилип, элдин ынтымак-биримдиги камсыздалган. Бектер, хандар чек ара, согуш маселелерин гана караган. Чарба эркиндиги элди бийликке көз каранды кылбай, өз алдынча өзүн-өзү башкарууга негиз берген, жана көндүргөн.

"Вряд ли можно говорить за сколько-нибудь серьезное значение ханской власти у киргизов. Последняя никогда не принимала здесь той деспотической формы, которая была ей свойственна у других азиатских народов, и каждый род, руководимый своим бием или старшиной и предводительствуемый своим батыром, свободно вступал в союз и столь же свободно выделялся из него. Всякое же самовластие и нежелание считаться с авторитетом родовичей, проявлявшееся со стороны того или иного хана. никогда не было продолжительным и окончивалась для последнего самым печальным образом, не только лишая его всех подвластных ему киргизов, но и заставляя его даже бежать из собственной страны". стр.181 (Чулошников А.П. "Очерки по историикиргиз-казахов", Астана, 2007 г.).

Ч. Валиханов «Страна шести городов», Москва, 2017 г. «Дикокаменная орда не имела с самых древнейших времен ни ханов. НИ султанов, НИ беков, а управлялась старейщинами патриархально», - стр. 363. своими

Этнограф-изилдөөчү Чулошников А.П. ХIХ кылымда таамай байкагандай, кыргыз элинде кандын бийлиги абдан чектелген жана Россия, Европа, Чыгыш Азия, араб элдерине салыштыруу мумкун эмес эле. Төлек Төрекан уулу өзүнүн "Кыргыз Эл санжырасы" аттуу китебинде хандар тышкы мамилелерди карап, ички иштерге анча кийлигишпегенин баяндайт.

"60 - 70 аксакал хандын үстүнөн карап туруп, хан бийлигинин өөдө-ылдый болгондугун түзөтүп, таарынганды тартуу менен, урушканды мал союу менен элдештирип, чапан жаптырып... баскан экен. Бул кадимтен тартып кыргызга каада нуска болуп калган экен." - 72 бет.

Бул "Орозду хан баяны" деген бапта айтылат, демек Манас, Кызсайкал дооруна таандык болгон - ото байыркы мезгилде. Мындай абал XIX кылымга чейин сакталып келгенин Ч.Валиханов да белгилейт. тарагандан кийин отуз жыл убакытта КМШ өлкөлөрүнүн арасынан жалгыз кыргыз эли гана эки президенттин өзүм билемдигине катуу нааразы көрсөткөндүн түбү тарыхтын тереңинде жатат.

Алибетте, бул багыштан келген демократиянын таасири эмес, тескерисинче, батыш кыргыздан үлгү алып, үйрөнө турган чыныгы демократия.

"Российские академические экспедиции XVII века об этнографии казахов", Астана, 2007 г.: "Многочисленный киргизский народ живет в неограниченной вольности. Каждый киргизец живет так, как вольный господин" - стр. 84. Паллас 1, 579 стр.

- Үй-бүлө куруу, жаштардын башын кошуу жөрөлгөлөрү кандай болгон?

- Бул жөрөлгөлөр кыргыз дүйнө таанымындагы аялзаттын бийик оордуна шайкеш болгон. Муну Кыз Сайкал, Каныкей, Жаныл Мырза, Курманжан датка апаларыбыздын тарыхы тастыктап турат.

Бабаларыбыз байыркы доордо эле кан аралашуу жаман болоорун билип, жети муун отмөйүн кыз алып, кыз берген эмес экен. Ошол үчүн жети атасын билбеген жигитке эч ким кызын берчү эмес (кан аралашып, майып же акылы кем бала теролуп калбасын, - деп). Үй-бүлө курууга кыргыз чоң жоопкерчилик мамиле кылганын тарыхтан көрсөк болот. Эки тарап тең (тукум бузулбасын, начар болбосун» деп, келечекти ойлоп, уулуна эл кыдырып, кыз издеп, кыздын атасы баланын тек жайын сурап, атасы, чоң атасы ким, кандай адамдар эле, - деп, кызыгып, макулдугун берип же берчү эмес экен.

"Жаман уул - уйгак, жаман кыз кыроо" (күн чыкса кыроо кетет, кутуласын деген мааниде). "Урук болуп, тукум болбой калыптыр", "Жаман келин - айыкпаган дарт", "Кыздын сөөгү талаада калат", "Дарак бир жерден көгөрөт» (эки көтөрсөң соолуп калат деген мааниде) ж.б. макалдар кыргыз генетика илими пайда боло электен кыйла мурун эле улут сапатына кам көргөнүнү ырастайт.

- Калың берүү жаман салты болгон, кызды калынга сатып алчу - деген терс пикир союз учурунда кенири тарады эле...

- Бул эскини жамандап, кыргызды кемсинтүү большевиктердин пропагандасы болгон. Эненин сүт акысы - деген кыргызды кемсинтүүтүшүнүк жаманбы? Ата-энеси берген кыздын себи калыңдан кем болобу? Жаш үй-бүлөнү элдин катарына кошуп, туугандары караланып, мал-мүлк энчилеп бергендин эмнеси жаман?

- Кыз ала качуу эгемен доорунда чоң көйгөйгө айланып кетти го...

- Мындай жапайычылык кыргызда илгери болгон эмес, болушу да мүмүкүн эмес эле. "Намыс өлүмдөн өйдө!" - деген кыргыздын кызын ким күч менен ала качса - чоң тогуз айыпка жыгылчу же уруулар арасында аёосуз чабышка алып барчу. Тарыхый булактарга кайрылсак. "Материалы по казахскому обычному праву". Сборник. Академия наук. Казахстан. Алматы. Жалын. 1998 г. 464 стр.:

"Кто девке учинит насилие, тот должен заплатить за обиду отцу 50 лошадей, один панцирь и одного верблюда, в противном случае виновного следует повесить; а если девка согласится выйти за него в замужество и отец на то будет согласен, то решаются обыкновенным калымом, т.е. платит жених 32 лошади и одного верблюда". - стр. 65.

Ф.А. Фиельструп. "Из обрядовой жизни киргизов начала ХХ века". Москва, "Наука", Российская Академия наук, 2002 г. "Сайыш поединок на пиках. Цель поединка: сбить противника с седла, но т.к. киргизы отличные наездники, то дело это очень трудно. Поэтому они норовят или убить один другого, или нанести такой удар в бок или лицо, чтобы противнику нельзя уже было драться. Побежденным считается только убитый или выбитый из седла. По окончании поединка между мужчинами происходит такой же поединок между женщинами. Но случаются здесь и азартные поединки, когда противницы хватают пикн и пускают в дело ножи" - стр. 166.

Бул баяндалган окуялар 1921-1925-ж. таандык. "Салт бузулса - эл бузулат, тил бузулса - дил бузулат"- дегендей, күч менен кыз ала качкандар союз убагында да болгон эмес. Мындай жапайычылыкка баргандарды катуу жазага алып, аёосуз 15 жылга абакка кесүү керек, кыргыз элин дүйнө жүзүнө уят кылганы үчүн.

- Бүгүн өлкөнү коррупциянын "сары чырмоогр“ басып алды деп журналисттер жазса, бийлик "мамлекет туңгуюкка  келди" деп ачык айтты. Коррупция менен бабаларыбыз кантип күрөшкөн?

- Күрөшкөн эмес, анткени коррупция болгон эмес. Бабаларыбыз отурукташкан элдердин турмушун көрүп, жакшы түшүнгөн: бийлик жүргүзүлгөн кызматчылар канча көп болсо, "май кармаган бармагын жалайт" дегендер да көп болоорун. Ошон үчүн, кыргыз элинде бийлик жүргүзгөн "чиновниктер жок болчу. Милиция, прокурор, салыкчы, бажычы, айыл өкмөт акимчилик, уруксат берүүчү, каттоочу ж.б жок болсо коррупция кантип болсун?!

- Жаралуу бар жерде жоготуу да болот – дегендей, келбес сапарга узатуу салты кандай болгон?

- Алты-жети миң жыл мурункуга бабаларыбыз жансыз денени өрттөгөн (от баарын тазалайт деген). Бул байыркы дуйнөтаанымга ылайык болгон: "Жараткан жанды түбөлүк эч кимге бербейт. Берсе - карызга берет. Убактысы келгенде кайра алат. Демек жан көккө, көк асманга учуп кетет. Көктөн адамга бүткөн көккө, жерден бүткөн кайра жерге, жер эненин кучагына берилиш керек"- деп, сөөктү өрттөп, гүлүн чогултуп, жерге көмгөн. Жер эне ыйык, аны булгабаш керек деген терең ишеним болгон. "Жерге, чөпкө кесир мамиле кылсан Жараткан кырсыктап коет" - деген сөз ошол доордон калган. Туруп калган денеден чыккан жагымсыз жыт-жараткан нааразы болгондун белгиси деп кабыл алышкан.

Кийинки алты миң жылда элдин саны өсүп, сөөктү жерге көмүү сөөктү өрттөө менен кошо жүрүп келеген. Бугун сөөктү өртөө салты Индиянын айрым аймактарында сакталып калды.

Афанас, Андрон, Кара-Суу, Тоо-кар дөбө маданияттарында сөөктү өрттөө жана жерге берүү аралаш болуп келген, бирок таштык маданиятында сөек жерге гана коюла баштаган.

Афанас маданиятынан баштап (биздин доордон торт мин жыл мурун) соок берилген жердин устуно топурак же таш үйүп койуу салты пайда болгон. Нечен мин жыл туруктуу байырлап калган жер добо мурзолор аркылуу ушул элге таандык дегендин белгиси болгон.Аш бергенде жыл откондон кийин эл чогула турган белгиси да болгон. Дөбө мүрзөлөр бул жер биллин жердин мекенибиз дегенди билдирген "Бабалардын арбагы жаткан жерди кантип таштап кетебиз, кантип болок элге алдырабыз?" - деген ыйык ишеним кыргызды бириктирип, башын кошуп турган.

"Байырлаган" - деген сөз - байыркы доордон, атам замандан бери дегенден жаралган. Добо маданият доордон бери, беш-алты миң жыл бою бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген салт - маркумга топурак салуу салты. Анын терен мааниси: "бир топурактан жаралып, бир топурактан жай табабыз. Баарыбызды бириктирген Жер - эне" - деген түшүнүк. Бул ынтымактын өбөлгөсү болгон.

Пазырык дөбө маданиятына таандык дебө мүрзөгө коюлган сөөктүн ДНКсы R1 a1 снип - 7-93 болуп далилденгени - ал кыргыз болгонун аныктады. Сак, усун доорундагы дебе биздин мүрзөлөр бабаларыбыздын мүрзөлөрү экенин эч ким бүгүн талаша албай калды!

Этнография илими маркумду өкүрүп узатуу палеолит дооруна таандык салт экенин ырастады. Австралияда жашаган абориген элдерде да өкүрүү салты бар экен.

Кыргызда маркумду узатуу салты зор тарбиялык мааниге ээ болгон. Жоктоо, кошок айтуу, топурак салуу - Ата-Мекенине, эл-журтуна маркумдун кылган эмгегин, арнаган өмүрүн даңазалоо болгон. Ал улгу катары таанылган жана тарбиялык максатта колдонулган. Бабалардан илгертен бери келаткан сөз бар: "Жердин асты тар, пейили кенен - баарын батырат. Жердин үстү кенен, бирок адамдар батышпайт - пейили тар" - деген.

"Уважение к местам погребения у киргиз почти достигает степени религиозного культа. Места, где лежат кости предков. считаются священными... Достать киргизский скелет представляет поэтому трудную задачу" - стр. 32 (Зеланд Н.Д. Киргизы. Этнологичесий очерк. Санкт-Петербург, 1885 г.).

- Эгемен доордо кылмыштуулук күчөп, атүгүл уюшулган кылмыштуу топтор пайда болуп, алар бийлик менен чырмалышып, шайлоолорго да аралашканы орун алды... Мындай терс көрүнүш байыркы кыргызда деле болгондур?

- Тоолордо бейтааныш аламдар жүрө алган эмес. Уруу туугандар бири-бирин жакшы таанышкан. Көчмөн турмуш жөнөкөй болгон соң, кыргыздын жылдан башка эмнесин уурламак эле? Уурааганда деле жылкынын жамбашына эн тамга басылган, кой-эчкинин кулагында эн тамга кесилген. Касиеттүү жылкы, үй жаныбар алыс болсо да кайра өз ээсине качып келет.

Буга далил катары: "Всякое имущество от киргизских рук застраховано Можно нагруженный тарантас оставлять на ночь открытой степи и все будет цело. Честность киргизов выражается также том, что они, несмотря на нужду, при первой возможности расплачиваются со своими мироедами из русских и сартов" - стр.67. (Зеланд Н.Д. Киргизы. Этнологический очерк. Санкт-Петербург. 1885 г.).

- Эгемен доорунда кыргыз шаарларында тилемчилик селсаяктар, таштанды балдар, кароосуз калган ачыла кылган кемпир, чалдар пайда болду, карылардын үйү башталды...Мындай социалдык көйгөйлөр кыргызда кантип чечилген эле?

- Мындай койгойлор кыргызда илгери да болгон эмес. "Намыс олумдон ейде" деген бабаларыбыз мындай терс көрүнүштөргө жол берген эмес. Үй-бүлө намысы, тууган-урук, уруу намысы жамаатташып,

ортого алып, жардамдашып, каралашып муктаждыктарды жалпылашып чечүүгө милдеттендирген.

- Өнүккөн өлкөлөрдө XX кылымда социолог илимпоздордун иликтөө-сурамжылоолору кеңири жүргүзүлө башталды. Коомдогу ар түрүкүн көйгөйлөрдү аныктоо жана өз убагында чечүүгө бул ыкма өбөлгө түздү. Көчмөн кыргыз мындай ыкмалардан кабарсыз болгондур...

- Тескерисинче, бабаларыбыз бул ыкманы кеңири пайдаланып, аны эң бийик деңгээлге көтөргөн. Кандай гана маселе каралбасын, иш-аракет болбосун "Эл эмне дейт" деген суроодон башталчу.

Кыргыздын күнүмкү турмушу нарк, салт аркылуу калың эл, журт жүргүзгөн социологиялык иликтөө болчу. Болгондо да калыс, акыйкат, адилет жүргүзүлгөн иликтөө эле. Ким адилет, калыс, бурмалабай, түз, кыска сүйлөйт, ким өзү таза, иш билген, тажрыйбалуу, ким жамаатты, элди ойлойт, ким кошоматчы, шылуун, шумпай - эл баарын билип, баарына калыс баа берип турчу. Ошого жараша сый-урмат көрсөтчү.

Барсбек бабабыз: "Түз сүйлөгүлө. Бурмалап, буйтап сүйлөсөңөр ооматыңар кетет" деп 1500 жыл илгери айтканы муну ырастап турат. Бүгүн түз сүйлөп, бетке айткандар барбы? "КТР-ын караящиги" деген сөз бекер элге тараптырбы?

- Кыргызда атын айтпай, тергеп же кыскартып адамга кайрылуу кеңири колдончу эле... Кийин бул унутула баштагансыйт... Каке, Наке, Баке, Жуке ж.б. же мырза уул, кенже бала ж.б.

- Бул салт кыргызда социогенез бийикке жеткендин белгиси катары бааланса болот. Ал адам мамилелери сый-урматка негизделгенин далилдейт, "сен - мен" деген орой чекке жетпешин камсыздайт жана ар адамдын намысын сыйлаганды көздөйт. Бул бабаларыбыздын улуу даанышмандыгы.

Эми мамлекетке таандык социогенезге кайрылсак...

- Анын өзөгү кыргыздын дуйнө таанымында, "Бийлик - Жаратканда, андан кийин элде", "Адилет болбой эл жарыбайт", "Теңирим теңдикти жалгайт" - деген ж.б. макалдарда жатат. Эң башкы максат: "Эл жабыркабасын, азап тартпасын, тентип кетпесин" деген болгон. Далил катары бир өзүндү келтирейин.

Акмат Карыбай уулу. Садыр аке. Бишкек 2002 ж. 200 бет. "Нурдөөлөт баатыр төшөктө жатты... жүзү суук, алы начар. Каруусу кетип, кайра кайрылбачудай ыңгайланды. Ал абалын түшүндү.

.... Максатыма жетбей кетип баратам. Элге эгедер болор эч кимим жок... Калкан жарабайт. Мүнөзү көрс, элге мерез, жакшылыгы аз. Карыбайды эл ээрчибейт... Солтонун оозунда тили, башында ою болгону менен дөөлөт көтөрө албайт. Колтугу ысык, кесири көп... Торгойдун тилинин эми жок. Максатсыз, кош ойлуу киши Жунуш кайнагандын малы бугун тушап алган... Элим азап тартып, тарап кетпесин. Эл тихгинин Жолболдунун Садырынан талашпагыла Сыртка сүрдүү, ичке жылуу сүйкүмү бар. Ошону алдыңарга салып, артынан ээрчигиле. "Адатта, өлүм астында айтылган керээз аткарылды" 17 - 18 беттер.

Кыргыз социогенезинин туу чокусу - Жараткандан кийин эле Элди ойлоп. Элге кам көрүп, Элге кызмат кылып. Элдин батасын алуу болгон. Ушул касиет кыргызды мин жылдар бою аман сактап, ыймандуу, нарктуу, алептуу, салттуу кылып келди.

- Кыргыз мамлекеттүүлүккө жакын арада эле жетти, тажрийбасы жок, эми араң-арач оздоштуруп келатат деген пикир саясатчылар, окумуштуулар тарабынан көп айтылып жүрөт, чын эле ошондойбу?

- Илимпоздордун пикирине кайрылсак. Тарых, философия, экономика, психология, юридикалык илимдеринин доктору 1993-ж. Москва шаарында "Политология. Энциклопедический словарь" аттуу илимий китеп чыгарган. келтирейин: Андан узунду

"К XVI веку относится и появление самого понятия "государство", роль которого до того выполняли понятия "владения". "земли", "княжества", "королевства", "империи" и т.п., а в научной литературе - понятие "республика" т.е. общее (или общественное) дело латинского Res-дело, и publika - общественное" - 67 бет. OT

Мамлекет - деген сөз, адам "мамилелери кетип" ордуна ыйман, адеп, намыс, уят, абийир, нарк, салтты четке кагып, тааныбаган мыйзам келет - деген маанини камтыйт.

Дастан Сарыгулов, экс-мамлекеттик катчы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости