www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү саясатчы жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов 2003-жылы "Кыргыздын байыркы жана азыркы абалы" аттуу китебин жазган. 

Аталган китепте, кыргыздын байыркы жана азыркы абалы боюнча жетимиш суроого жооп берилген.

Мына ошол Сарыгуловдун "Кыргыздын байыркы жана азыркы абалы" аттуу китебинен алынган үзүндүлөрдү назарыңыздарга сунуштайбыз:

- СССРди кыйратпай сактап калса болот беле? Эмнеге 70 жыл бою жашаган килтейген империя кулап калды?

- СССРди кыйраткан күчтүн үрөнү партиянын тупку көз караштары менен кошо жаралган. «Пролетариат - движууая сила, партия - авангард обуества» коомду эки катмарга болгон, эскинин баарын талкалап, жаңы деп турмуш курабыз, улуттар жоюлат, бириккен совет элин түзөбүз деген, социализмди дүйнө жүзүнө таңуулаган (акча жана куралдын күчү менен), кийин эки жүздүү саясат жүргүзгөн, алжып, акылынан адашкан жетекчилери элди, өлкөнү, партияны ойлобой эле, өзүнүн жеке кызыкчылыгы менен жашап экономиканы, илимди саясатташтырышкан, саясый максаттар адам эмес, элдерден да өйдө коюлган. Демек, СССРди кыйраткан дарт Хрущевдун, Брежневдин доорунда күчөп, кийин Черненко, Горбачев доорунун тушунда өлкөнү талкалаган. СССР экономикалык себептерден эмес, мезгилге, турмушка дал келбеген өнөкөткө айланган туура эмес саясат жүргүзүлгөнүнөн кыйраган. Бул маселе боюнча мен кеңири эки китебимде жазгам: «CCCP мамлекетинин кыйрашы: анын себептери, сабактары жана кесепети» деген баптарында.

- Кыргызстан СССР кезде эмнелерге жетишти жана эмнелерден куру калды? Өткөн коомду жамандаш чындыкка жакынбы же эмоциябы? Дегеле, социалисттик коомду сындоочуларга мамилеңиз кандай?

- «Өкүнбөгүн өткөнгө, кейибегин кеткенге», деп бабаларыбыз бекер айтпаптыр. Өткөндү жамандаш да, макташ да деп кем акылдыктын белгиси. Өткөндү калыс, акыйкат таразалап, баалап, тиешелүү жыйынтык чыгарып, жакшысынан да, жаманынан да сабак алыш керек. Өткөнгө дайыма аяр мамиле кылып, аны сый-урмат менен кабыл алыш керек. Арбактарга тийишип, аларды жамандап, бир дагы киши оңолуп кеткен эместир. Арбактар токтобогон мезгил менен кошо жок болбойт тура. Тескерисинче, биздин келечегибизде, аларга кошула турган кунубузду эстен чыгарбасак. Союз учурунда кыргыз сабаттуулукка, илимге жетти, завод, фабрика, мектеп, бала бакча, турак жай, жол-көпүрөлөр, ири ГЭС, суу сактагычтарды курду. Айыл чарба, өнөр жай тармактарын аздыр-кептур көтөрүп алды. Бирок, эгемендүү жылдары алардын үзүрүн элдин көпчүлүгү көрө алган жок: таланып, тонолуп, талкаланып, же бир ууч байлардын менчигине өттү (өтө элеги жакын арада өтүп кетээр абалга жетип калды окшойт).

Кыргыз союз учурунда эмнени жоготту? Улуттук намысын, сезимин, эркин, рухун, тилин жээриди, салт-адаттан алыстады, ыйманы сууду, улуттук тамырына зак кетти. Ээрчиме, айдама болду, өз алдынча, өз акылы менен турмушун алдыга жылдыра албады, тилемчиликке конду... Мекенин кемитти, нечен миң жыл мезгилде кашык менен өзүнө ишенбей чогултуп тапкан улуттук дөөлөтүн чакалап сапырып, чачты. Завод-фабрикаларды, имараттарды, жолдорду 5-10 жылда эле кайра куруп койсо болот, бирок кылымдарда түптөлгөн ыйман, намыс, рухий нарк, улуу тил, комуз өнөрлөрүн, салтын кайра калыбына келтирүү оор ишке айланды го.

- Түпкүлүгү көчмөн эл болсо да ХХ кылымдын башында отурукташып калган эл азыр кайрадан көтөрүлүп, коңшу өлкөлөрдө мигрант болуп жан сактап жүрүшөт. Аларды коргоого мамлекеттин алы жетеби?

- Көчмөн турмуш менен мигранттын турмушу асман менен жердей айырмаланат эмеспи. Өз элинде, өз мекенинде жашаган менен бөлөк жерде, чоочун элде жүргөнду салыштыруу мүмкүнбү? Дүйнөлөшүү замандын запкысынан өз элин мекенинде коргой албай, «мигрант» кылып туш тарапка тараткан, өз элинде кадырын да, баркын да боз туман чалган мамлекет бийлиги кыргыздарды бөлөк өлкөдө коргой алмак беле? Өз өлкөсүндө өзү кабыл алган мыйзамдардын аткарылышы камсыз кыла албаган бийликтин сөзү бөлөк өлкөдө кимге өтөт эле? Россия өзү айласын таппай жатат: согушу жок эле үч жарым миллион балдар кароосуз, көчө тентип жүрөт, бир миллион учу оору, андан кем эмес наркоман, алты миллион алкоголик, нечен жүз миң СПИД оорулуу адамдар... Ошол өлкөнүн бийлик жетекчилери кыргыздарга күймөк беле? Жакшылык кылмак беле?

- Байыркы көчмөндөр тең укуктуу, граждандык коом шартында жашап келгендиги тарыхта белгилүү. Бүгүн бул көрүнүш тескери жагына ооп, азап чегип эң оор турмушту өткөргөндөр да көчмөндөр. Канткенде алардын оорчулугун жеңилдете алабыз?

- Кыргыздар өз бактысып, ырысын, келечегин өз мекенинде, өз элинде гана табаары талашсыз. Орусу, немиси жана башка кимиси болбосун эч качан кыргызды өз катарына кошуп, тең мамиле кылбайт. Экинчиден, болгону Талас обласынын аянтындай Израиль өлкөсүндө - 4млн. адам токчулукта жашап жатса, Түштүк Кореяда - Кыргызстандын жарым аянтындай жерде 21 млн. адам, Бангладешде - Кыргызстандын аянтынан 50 мин км² кем 122 млн. адам батышып бардарчылыкта жашап жатса, эмне үчүн 1,5 млн гектар суу баскан айдоосу, 3,5 млн.га токой чарбасы, 6млн.га жайыты. 25млрд.м3 агын суу, 10 млрд м3 булак суулары бар Кыргызстанда болгон 5 миллион калкынын уч миллиону жакырчылыкта?

- Кыргызстандын өткөөл мезгили эмне учун узакка созулду? Буга эл күнөөлүүбү же коом күнөөлүүбү? Же закон ченемдүү көрүнүшпу?

- Элди күнөөлөгөн - Жараткан Теңирди күнөөлөгөнгө тете. Элдин чыдамкайлыгына, сабырдуулугуна бийлик кулдук уруш керек. Узакка созулганы - кандайдыр бир деңгээлде мыйзам ченемдүү да көрүнүш десек болот. Бирок, негизинен, өз акылыбыз менен, жерибиздин шартына, элибиздин салтына ылайык, калыс, адилет башкаруу жүргүзүлсө өткөөл мезгил мынча узакка созулбайт эле!

- Кыргызстандын Борбор Азиядагы орду канчалык таасирдүү?

- «Эл башы болгончо суу башы бол» дегендей, табигый шартын эске алсак, Орто Азиянын суу байлыгынын басымдуу көлөмү кыргыздын жеринде. Демек, табигый шартын, жер байлыгын, суу байлыгын эске алсак-кыргыздын келечеги кең! Саясий жана чарбалык салмагы канчалык таасирдүү болоору бул элдин ан-сезимине, ынтымагына, ишмерлигине жана эң негизгиси - улуттук намысына, сезимине, рухий күчүнө, эркине байланыштуу нерсе. «Кемчилиги адамдын кемсинтээри көп болот» деп кеп айтылгандай, бүгүнкү өксүгү арбын өлкөбүздү, өз элин бага албаган мамлекет бийлигин, өз элине ок чыгарып, өнүгүү жолун табалбай жаткан жетекчилерди эч бир өлкө сыйлап, урматтабайт. Мындай шартта таасири жөнүндө сөз кылуу мүмкүнбү? Коңшу Өзбекстан, Казакстанга барсак - өз тилин, маданиятын ыйык тутуп, өнүктүрүп жатканына күбө болосуң. Бизде болсо «общий дом» жалпы жатаканага окшоп бараткансыйт...

- «Общий дом» деп, улуттар ынтымагына өбелгө түзүлгөндүн эмнеси жаман?

- Кыргызстанда жашаган көп улуттардын тарыхый мекени, түбөлүк «үйү» бар: тажик, өзбек, турк, немис, орус ж.б. Кыргыз жерин бабаларыбыз миң жылдар бою жан безеп, канын төгүп, коргоп, сактап келген. Бөлөк улуттар биздин мекен үчүн жанын берген эмес, канын төгүп, азап тарткан жок. Алар кыргыз жерине келгенине 50-70 жыл эле болду. Кыргызстанда жашасын. Бирок, кыргыздын тилин, салтын, маданиятын, тарыхын сыйлап, баалап, урматтап, барктап, билип жашасын. Албетте, эң алды, мунун баарын кыргыздар өздөрү билип, барктап, кастарлаганда гана алардан ошону күтсөк болот.

- Дүйнө глобалдашуу поездине минип алып, шарактап кетип баратат. Биз, кыргыздар, ошол глобалдашуу поездине жармаша алдыкпы?

- Дүйнөлөшүү адамзатка-кезектеги аткан таң. Ал эч кимдин калоосун сурабай келди. Өнүгүү жолундагы катардагы жандыра албаган табышмак болуп турат. эле Жер жүзүндөгү бир дагы эл, өлкө бул көрүнүштөн четте боло албай калды. Ошол үчүн дүйнөлөшүү деп аталды. Кыргызстан жана кыргыз эли макулбу, макул эмеспи, Жараткандын буйругу менен ошол «поездин» ичинде. Бирок, али кече ошону түшүнүп, талдап алалбай жатат. Ал «поездин» өз талабы, эреже-шарты, ички мыйзамдары, алака-береселери бар. Ошол «поездин» ичинен өз ордубузду таба албай, кайсы жерде экенин билбей, азырынча «вагондон вагонго» кайыр-садага сурап, урунуп-беринип кун көрүп келатабыз.

- Глобалдашуу процессинин проблемалары эмнеде? Бул тепкич, зор сыноо, эбегейсиз түйшүк, адам баласы азырынча процесске кошулбай койсок же тескерисинче кошулсак, эмнени утабыз, эмнеден утулабыз?

- Ага кошулбаш үчүн жер планетасынан космоско кочуп кетиш керек. Демек, ал мүмкүн эмес. Дүйнөлөшүү окуясынын зор маселелери арбын. Анын үзүрүн, пайдасын бүгүн саналуу гана, 8-10 өлкө көрүп жатат. Ошол өлкө жетекчилери ар кандай эл аралык уюмдар аркылуу (МВФ, Дүйнөлүк Банк, Дүйнөлүк соода уюм, НАТО, ОБСЕ жана 15-20 башка бирикмелер) жүргүзгөн саясат калган кеп өлкөлөр үчүн жүзүн жашырган, мыйзамдаштырылган баскынчылыкка, эзүүгө, чабуулга айланды. Югославия, Афганистан бомбаланды, Ирак басып алынды, эми Иранга согуш ачабыз деп оолугуп турушат. Адамзат мурун билбеген, көрбөгөн теңсиздикке учурады: бир миллиард киши жыргап, калган беш миллиард адам куурап жатат. Жүзгө жакын өлкөлөрдүн өкүлдөрү биригип, абалга нааразы болуп, каршылыгын көрсөтүп, Антиглобализм аттуу кыймыл уюштурушту. Зор маселелердин катарына эл аралык сойкулук, бангилик, кылмыштуулук, терроризм, экстремизм, адам сатуу, СПИД оорусу, экология туйшуктеру да кирди.

Бул маселелердин тубу чечилбей жаткандын себеби төмөнкүдө. Дүйнөлөшкөн адамзат коомуна өз өнүгүү жолу, ички байланыш - себеп-таасирлери, мыйзамдары, башкаруу ыкмалары мүнөздүү. Анын маселелерин чечүү, сырын түшүнүү Ааламга, Адамга,Табиятка, диндерге, илимге жаны көз-карашты, жаны мамилени, жаны дуйнотаанымды талап кылууда. Дүйнөлөшүлгөн адамзаттын коомун иликтеп, илимий жагынан түшүндүргөнчө коом өзү тез өзгөрүлүп кетип жатпайбы. Бул маселе толугураак быйыл Анкара шаарында 22-27-июнь айында өткөн эл аралык алтаистердин илимий жыйынында сүйлөгөн сөзүмдө айтылган (китепченин 81 бетинде берилген).

- Глобалдашуунун кыргыздар учун жакшы-жаман жагы барбы? Деги ушул процесстерде кыргыздардын тагдыры кандай болот?

- Жаман жагы: кийинки он жылдын ичинде бангилик, сойкулук, ичкилик, кылмыштуулук, паракорлук, адепсиздик, ыймансыздык, зомбулук, зөөкүрлүк, теңсиздик, адилетсиздик, жакырчылык, жумушсуздук негизинен сырттан келди. Аларды ошол дүйнөлөшүү өзү менен кошо алып келди. Сыналгыдан тынбай көрсөтүлүп жаткан киши өлтүрүүлөр, адепсиз тасмалар, дискотекаларда жер тепкилеп, солкулдап, дене кумарынын кулу болуп, адам касиетин ыпластаган ыр-бийлер, уят, абийир, намыс баары акчага, байлыкка, мансапка сатылып жатканы... Дагы жаман жагы: элибиздин мойнуна эки миллиард долларга жакындап калган тышкы карыз акча илингени, эл бакчу майлуу тармактар менчиктештирилип кеткени, төрт жүз миңден ашуун мекендештерибиз элин, жерин таштап, коңшу өлкөлөрдө аргасыздан жүргөнү, акыйкат, калыстык, адилеттүүлүк тебеленип, тепсендиде калганы ж.б...

Ушул кырдаалда кыргыздар өз тагдырын өз колуна алып, өз акылы менен, өз эркине, рухуна, улуттук доолотуно таянып, кайдыгерлигин таштап, ойгонуп, толгонуп, ойлонуп намысына келбесе бугунку туңгуюктан чыгып кете албайт. Өнүккөн, бай өлкөлөрдүн таасирине камалган, тегин, тилин, тарыхын унуткан, салтын, дилин, мекенин долларга алмаштырган көшөкөр, кошоматчы кулга айланат. Азыр так ушул багыттабыз...

- Глобалдашуунун бизге окшогон кызыкчылыктары башында турган жакыр өлкөлөргө келбейби? Кааласак кызыкчылыктарына карама-каршы каалабасак да алардын жетегинде калбайбызбы?

- Албетте, карама-каршы келет. Алар биздин жер байлыгыбызга, кен байлыгыбызга, суу байлыгыбызга жана керемет мекенибизге гана кызыгышат. Кыргыз эли аларды кызыктырбайт. Израиль менен Палестина эмнени талашып, тынчыбай, 40 жараны жанынан кечип жатат? Суусу жок, чел баскан, биздин бир район ээлеген жерди талашып жатышат. Батыш мойнубузга эки миллиард долларга жакын карыз акчаны сыйыртмак кылып салып ноктолоп, жетелеп алганын эч кимибиз тана албайбыз. Бул ачуу чындык, алар кыргызды өз жетегинен эч качан чыгарбаганга аракеттенишет. Кыргызстан бүгүн банкрот өлкө. Бир жыл ичпей, кийинбей, тапканыбыздын баарын берсек да тышкы карызыбыздан кутула албайбыз. Жетегинен чыгып кетиш үчүн кулдук сезимден кутулуп, кайдыгерликтин тузагынан бошоп, улуттук дөөлөткө таянып, улуу ой-максатка баш ийип, биригип, кайра жаралыш керек.

- Азыркы заманбап (современный) цивилизацияда кыргыз элинин орду барбы? Биз канчалык артта калдык жана кайсы жагыбыздан алдыда баратабыз? Максатыбыз, койгон милдетибиз кайсы жана эмнеге умтулушубуз керек?

- Албетте, орду бар. Бирок, ал орунду биз жана бизден улуу эки-үч муун кыргыз камсыз кылган жок. Ал орунду байыркы бабаларыбыз козголгус жана талашсыз ээлеп, кытай, перс, араб. турк ж.б. элдердин тарыхына кирип, бизге мурас кылып калтырышты. Мекенибизди куруп, тилибизди, салтыбызды, улуу-кенже дастандарды жаратып, тил, комуз, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүп, тарых, санжыраны калтырып, тенирчилик дуйн таанымды түптеп, сактап, ХХ кылымга жеткизип, адамзаттын тарыхында татыктуу, биз сыймыктанчу салмактуу ордун калтырган байыркы бабаларыбызга дайыма таазим кылып журолук!

Эки миң жыл мезгил аралыгында кыргыздар дүйнө элдеринин төрүндө олтурганын унуттук. Бүгүн дүйнө элдеринин улагасына жете албай, эшикте күл чыгарып, отун алып, суусун ташыган малайга окшогон абалдабыз. Биз анча деле артта калган жокпуз. Учак, ракета, кеме, машина курууну өздөштүрүүнүн бизге кереги жок: баары бир кууп жете албайбыз. Байыркы тарыхыбыз, керемет тилибиз, касиеттүү салтыбыз, улуу дастандарыбыз, сабаттуу элибиз, байлыгы мол мекенибиз бар! Чарбабызды өркүндөтүп, элдин кардын тойгузуп, кийимин бүтөө эбин тапса, кыска убакыттын эле иши. Дүйнөлөшүүнүн биз үчүн зор пайдасы - бөлөк элдер бир-эки кылымда араң таап, жеткен жабдык, технологияларын биз кыска мөөнөттө, чыгымсыз эле өздөштүрүп алсак болот. Ал үчүн түз инвестицияларга шарт түзүп, кенен жол ачып бериш керек. Кайсы жагынан биз алдыдабыз? Рухий нарк, ыйман, адеп-ахлактан кантсе да ажырап калган жокбуз. Батыш элдеринин көбү мунун баарын унуткан, мыйзамга гана баш ийген эки буттуу жырткычка окшоп баратышат. Булар үчүн бүгүн бир эле «Кудай» бар: ал акча жана дене кумары. Эч бир нерсе ыйыктык деп бааланбайт. Жашоо шарты муну толук тастыктап турбайбы.

Максатыбыз: Рухий, маданий, саясий, чарбалык накта көз карандысыздыкка жетип, өзүбүздүн гана өнүгүү жолубузду табышыбыз керек.

Милдетибиз: кыргыз деген сөзгө татыктуу болуу, улуттук дөөлөттү сактап, жайылтуу, өрчүтүү, рухубузду, эркибизди күчөтүү, эч кимге кошоматтанбай, жагалданбай, калыс, акыйкат сөздөн чыкпай, Тендикти сактоо. Өз күчүбүзгө, өз акылыбызга гана ишенүү. Курсактын кулу, кекиртектин малайы болбой, өзүмчүлдүктөн өйдө көтөрүлүп, улуу максаттын айланасында биригүүгө умтулуш керек.

- Өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүн кантип аныктасак болот? Биз кандайча кедейчиликке байланып калдык?

- Өлкөнүн өнүгүүсүн баалоо - доорго жараша болот. Бир мезгилде аны өндүрүлгөн электрэнергия, цемент, темир, кирпич, эт, сүт, дан, курулган турак-жай, жасалган трактир, комбайн, машине, замбирек, танка, учактар менен баалачу. Кийин абакта олтурган адамдардын, ар кандай оорулардан кайтыш болгондордун саны менен белгилей баштады. Андан кийин, адамдын орто өмүр узактыгы менен аныкташып калышты. Андан кийин, өлкөнүн ички дүң продукциясы менен тышкы карызын салыштырып, тартылган түз инвестициялардын көлөмү, адам укугу ж.б. эске алышчу болду. Бул жөнүндө мен «Турмуш көчү» аттуу китебимде кенири ой бөлүшкөм.

Жыйынтыктап айтканда, өлкөнүн өнүккөнү - эл турмушунун абалы, жашоо шарты (суу түтүкчөлөр, мончолор ж.б.) бангилик, кылмыштуулук, сойкулук, паракорлуктун ооздукталышы, коомдогу калыстык, адилеттик, Тендиктин деңгээли, элдин жумуш менен камсыз болушу, ардагерлердин абалы жана рухий нарк, адептүүлүк, ыймандуулуктун орду менен аныкталганы туура го. Биз кедейчиликке кандай байланып калдык? СССР урап, КПСС кыйрап, доор өзгөрүлүп, заман алмашканда кылдаттык, чеберчилик, көрөгүчтүк, билермандык менен иш алып барбай, Россия жана батыш өлкөлөрдун кенешчилеринин созун угуп, кийин эл пикирин эске албай бүгүнкү абалыбызга келип олтурабыз. Эл турмушунан, өлкөнүн абалынан, мамлекеттин келечегинен бийлик өз кызыкчылыгын өйдө койсо - кедейчиликтен чыкпайбыз. Саясатчылар да эл деп кыйкырганы менен, иш жүзүндө жеке кызыкчылыгын гана көздөгөнүн турмуш далилдеп жатат. 2002-жылы Конституциялык Кеңешке мүчө болгондор элин дагы бир жолу алдаганын эске алсак бул сөзүбүз кургак болбос.

- Кыргызстандын экономикасын көтөрүүдө реалдуу, приоритеттүү жолдор барбы? Сиз кандай сунуштарды айтаар элеңиз?

- Андай жолдор арбын. Салык жүгүн 40-50 пайызга женилдетип, ишкерликке уруксат берүүнү жоюп, эркиндик берип, каттоого өтүш зарыл. Район, областарды жоюп ордуна ирилештирген аймак (же дубандарды) түзүп, санын 12-15тен ашырбай, өкмөттү жоюп, анын милдетин Президенттин өзүнө тапшырып, айыл өкмөттөрүн күчөтүп, аларды бийик орунга көтөрүш керек деген ойдомун. Түз инвестицияларга женилдик берип, ынгайлуу шарт түзүп, анын милдетин Президент жеке өзүнө алса болот эле. Депутаттардын көбүнө эл ишенбей калды. Мындан ары эл депутаттарга өз укугун өткөрүп берүүдөн баш тартып, жалпы элбийлигин элдик Курултайга тапшырып, анын өкүлдөрүн жети жылга ар бир үч мин шайлоочудан шайлап, Курултай жылына бир жолу Президенттин, Жогорку сот, эсептоо палата, Башкы прокурор, Жогорку Кеңештин отчетун угуп, бекитип турса накта эл бийлиги орноп, эл өз тагдырын өзү чечип калат эле.

Экономикабыз алгачкы учурда негизги үч багытты кармаса: айыл-чарба продукциясын толук иштеп, сыртка сатыкка чыгаруу, булак сууларын дүйнөлүк рынокко алып чыгып сатуу, туризм жана акы төлөп кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү. Ишкерлерибиз мамлекет тарабынан колдоого, сүрөөнчүлүккө алынбаса, албетте, ийгилик болбойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости