www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Этияттанбай эл аралык этиканын арзыматчылык нормасын «суперликке» тапшырып, туалетке барса да ким бийликке келсе ошондон уруксат сурап, ат тезегин кургатпай Кытайга жылаңайлак каттап жүргөн президенттин алдындагы «Мурас» фондунун жетекчиси бар. «Дед Хасан» Орусиянын ОПГсын титиретип тургандай эле «Дед Молдокасым» кыргыздын тарыхын титиретип калды. Кыргыздын байыркы эл экенин эч ким танбайт, бирок жоктон тапкансыган «Дед Молдокасым» тарыхчы болсо да араң мээсине жетип, Кытайга барып биздин эаманга чейин миң жыл мурун кыргыз жашаганын эми сайрай баштады. Аттиң, тарыхчыбыз мурун уктап жатты беле, бул версияны нөлөбөй класстын окуучулары  деле билет. Же «Дед Молдокасым» мен таптым деп «Мурас» фонду иштеп жаткандай түр көрсөтүп жатабы? Болбосо бул тууралуу башкасы билбесе да тарыхчы билет эле.Бакиевдин убагында КТРК менен «Кыргыз туусун» жетектеп жүргөн «Дед Молдокасымдын» санжырасынан:1. Эгемназар; 2. Эрмамат; 3. Молдоназир; 4. Молдокалый; 5.Галай калпа; 6. Молдо Бакы; 7. Саалы андан Курманбек.

Атамбаевдин ата-тегин иликтеп жүрүп «Манас» орденин алып атакка жеткен «Дед Молдокасымдын» архивден чукуп жатып тапкан маалыматы боюнча Атамбаевдин түбү сарытейит: 1.Кутан; 2.Меңди; 3.Ажы бий; 4.Кутуй (Кытай); 5.Туматай; 6.Турсун; 7.Норузбай; 8.Шама; 9.Атамбай; 10.Ысак (Исхак); 11.Шаршен андан Алмазбек.Нүзүп аталык баш болгон кыргыздар Шералыны ак кийизге салып хан көтөргөн. Бирок, көп өтпөй кутумчулардын аркасы менен Нүзүп аталыктын башы кетет. Алмазбек мырзанын Норузбай, Шама аттуу бабалары Нүзүп үчүн Шералы хандын башын алат. Бул кайгылуу окуядан кийин кыргыздардын Шералы ханга көңүлү кайт болуп, тажиктер менен кыпчактардын кыянат аракетине каршы чыгалбай, кыргыздарга карата кылмыштуу чечимдерди жүзөгө ашырган ханга каршы бир катар кыргыздар кайрадан көтөрүлгөн.Алайда Алымбек датка баштаган кыргыздар 1845-жылы көтөрүлүп, Ошко аттанышат. Көтөрүлүштү басып, кыргыздарды жазалоо үчүн Мусулманкул миңбашы, Көр уулу аскер башы баштаган кошуун Ошко келет. Оштун тегерегинде катуу кармашуу болуп, натыйжада Мусулманкул баштаган кошуундун жеңиши менен аяктайт.Миң тукумундагы Шералынын уулу Кудаяр 1845-жылы такты алып кыргыздарды кыра баштайт. Кыргындан жашырынып Чыңгыш баатыр менен бирге сарытейит Шама Чүйгө келет. Чыңгыш баатыр эң жакшы көргөн саң - саң  тебетейин Шамага кийгизип элдин айтуусунда Шаманы Норузбайдан сурап ак батасын алып Чүйгө алып келип өзүнүн уулундай мамиле кылгман. Чыңгыш баатыр Шамага ыраазы болуп, көзүм өтсө да Шаманы көкөлөтүп алгыла дептир... Бул «Дед Молдокасымдын» версиясы, анын оюнча чай менен чама аралашып Шама Нүзүп аталык, Алымбек датка менен тең адам болгон.

Эми «Дед Молдокасым» Кытайга байма-бай каттаганын башкы көркөмү «Мурас» фондунун жетекчиси катары элди деле ойлогон жок. Тарыхты бурмалап Адигинени Барсбек кагандын уулу кылуу. 1.Адигине; 2. Жору (Жолжакшы); 3. Жолубай; 4. Астар; 5. Серке (баатыр катары таанылган инсан болгон). 6. Теңизбай; 7. Биймырза; 8. Абыке; 9. Кожоназар (жаш кезинен эл башкарган бий болгон); 10. Жайчыбек; 11. Таңырык; 12. Пирназар; 13. Жээнбек; 14. Шарип андан Сооронбай. Адигинени Барсбек каганга жеткирүү үчүн жол оңой эле, «Дед Молдокасым» Кытайдын бир окумуштуусу кыргыздын мындан 3000 жыл мурун жашаганын далилдеди деп, эми уккансып айтып элдин кулагын көндүрдү. Эми кытайдын да бир окумуштуусу Адигинени Барсбек кагандын тукуму экен деп далилдеди деп келет. Кытай менен «Дед Молдокасымга» ишенип калган кыргыз байкуштар шак эле азыркы президент Барсбек кагандын тукуму экен деп жатып калат. Мейли далилдесе далилдесин президент менен кошо бүт Долон бийдин балдары: оң менен сол Барсбек кагандын балдары болуп калабыз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости