www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бар экен экен, жок экен, илгери, илгери Кытыгызстан мамлекетинде Чыңгызхан пайда болот. Ал Эркебаласын чакырып алып:

-Чыныгы Чыңгызхан 7 киши менен бийликти алган, мен 6 жарым эле киши менен бийликти алам. –дейт.

-Алты го алты, жарымды кандай түшүнсө болот? -деп таң калат Эркебала.

-Жарым деп «эт менен челдин ортосунда жүргөн» адамдарды айтабыз. Адам дейли десек айбанга окшош, айбан дейли десек адам болуп жатпайбы. Тосмодон биринчи секирген адам ханордонун аппаратын жетектейт, экинчи секирген парламентти, андан кийинкилери ИИМ, прокуратура, финансы министрлигин жетектейт- дейт Чыңгызхан.

-Эки суроого түшүнбөй калдым, -дейт Эркебала,- Биринчиси мамлекет башчысы ким болот? Экинчиси өкмөт башчысы ким болот?

-Экинчи сурооңо жооп нака «эт менен челдин ортосунда жүргөн» кемчонтой, кейбир жарым кишини күндүн жарыгында фонарик менен издеп таап өкмөт башына алып келебиз. Кийин күнөө кетсе барын ошого шылтап салганга. Биринчи сурооңо жооп бербейм, анткени менден башка мамлекет башчысына ким татыктуу? -дейт Чыңгызхан.

Ошентип Чыңгызхан алты жарым адам менен ханордосун алууга аттанат. Ал кезде мамлекет башчысы ТамАША менен өкмөт башчысы Шаңтөрө Сатыпалынган экөө ханордодо жок, ханордону аппарат жетекчиси «Даньжыяр» Нарынтой карап турган болот, Чыңгызхан тосмодон секиргенин угуп чымылдаган бойдон жөө Нарынды көздөй безген экен, таманынан чаң чыгып, эч кимге жеткизбей келаткан «Даньжыярды» Боомдон эптеп кармап келишиптир.

Өкмөт башчысы Шаңтөрө Сатыпалынган «Саман учса, Самаркан өрттөнүптүр» деп угуп, Чыңгызхан тосмодон секирсе, Чыңгызхан бийликти алыптыр деп угуп, шымын булгаган бойдон колун көтөрүп, хамалеончо кубулуп , түсүн алмаштырып жибериптир.

Мамлекет башчысы ТамАШАга «журт атасы» деген ысым койгон жандай досу Христос Умеркул жетип келип жата калып шолоктоп ыйлап жиберет.

-Бийликти Чыңгызхан алыптыр, -деп.

ТамАША кебелбейт:

-Куйчу тигинден. –деп. Көрсө ТамАША Чыңгызхан тосмодон секирерин билип, Кытыгыстандын аскерин  ханордого жыйып коюптур. Бирди лак алып жиберет да:

- Ал мен сыяктуу параша жеген эмес. Мен Чыңгызханга параша жедирем, түрмөнүн түбүндө- чиритем! –деп оолуга баштайт.

Алты жарым киши менен келаткан Чыңгызхан, жанагы өкмөт башчысы боло турган жарым кишинин тосмого ыштанынан илинип калганын көрүп:

-Аттиң, тосмо болбосо бийлик биздики болмок!- дептир.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

Последние новости