www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 26-сентябрда Жогорку Кеӊеш жыйынындагы «Ар кыл маселелер» саатында өлкө аймагында жаралган көйгөйлөрдү чечүү талаптары коюлду.
Депутат Мирлан Бакиров токтоп калган Бишкек-Ош автожолунун Маданият - Жалал-Абад тилкесин оӊдоп-түзөө иштерин кайра жандандыруу зарылдыгын КР Өкмөтүнүн астына койду.
Депутат Карамат Орозова өлкөдө квалификациялык эмес эмгек акы жашоо-тиричилик минимумунун көлөмү 4600 сомдон төмөн болуп жаткандыгына сандык салыштырууларды келтирип, тиешелүү мыйзамдар бузулуп жаткандыгын айтып чыкты.
Кытай менен чектеш «Эркештам» көзөмөл өткөрүү пунктунда бүгүнкү күндө кырдаал оор. Көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар 10 чакырымдан ашуун аралыкта тизилип, өтө албай турат. Мындай маалыматты ортого салган депутат Улан Примов тиешелүү мамлекеттик органдар жагдайдын чечилиши боюнча аракеттерди көрүшү керектигин белгиледи.
«Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол» авто жолун оӊдоп-түзөө боюнча канчадан бери айтып келем. Өкмөт башчылар, министрлер убадаларын берип келишүүдө. Бирок бул автожолду оӊдоп-түзөө иштери көӊүл сыртында калгандай»,- дейт депутат Абдыбек Дүйшалиев.
Депутат Марлен Маматалиев Кыргызстандын айыл-чарба продукциялары ЕАЭБдин алкагында Орусияга киргизилбей жок кылынып же кайтарылып жаткандыгына токтолуп, анын себептери боюнча же мындай убаракерчиликти болтурбоо максатында жер-жерлердеги дыйкандарга, ишкерлерге маалымат кампанияларын жүргүзүүнү сунуштады.
Депутат Аида Исмаилова Саламаттыкты сактоо министрлиги өзүн өзү текшерип, өзүн-өзү көзөмөлдөөрүн сынга алып, министрликтин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинин мыйзамсыз иш-аракетерин тизмектеди.
Депутат Алмазбек Эргешовдун айтымында, аткаруу бийлиги канал салуу иштери дотациядагы айыл өкмөттөрдүн өзүнө калтырылып, туура эмес саясат жүргүзүүдө. Эл өкүлү Аксы районунун Кербен шаарынын жанындагы Барпы каналы оӊдолбой, 600 гектар жер кайракы жерге айланып калгандыгын мисалга тартты.
Депутат Өмүрбек Бакиров түштүк облустарындагы дыйкандардын өстүргөн пахталарын сатып өткөрүүгө Өкмөт көмөктөшсө дейт. Бул тууралуу маалыматты ЖК Басма-сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg