www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын Мары облусундагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун сатып алууну каалаган жарандарга бир ай эрте кезекке жазылып коюу сунушталууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын аймактык кабарчысы билдирди.
«Мары облусундагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун тартыштыгы уланып жатат. Ун келгенде көбүнө жетпей калып, мушташып кеткендер дагы болууда. Дүкөнчүлөр тизмеде аты-жөнү жок тургундарга кийинки айга кезекке жазылып коюуну сунуштап жатышат», — деп билдирди кабарчы.
Анын айтымында, учурда жергиликтүү өндүрүштөгү ун мамлекеттик дүкөндөргө салыштырмалуу базарлар менен жеке дүкөндөрдө 5-6 эсе кымбат сатылууда.
«Мамлекеттик дүкөндөрдө бир килограмм ундун баасы бир манат. Базарлар менен жеке дүкөндөрдө 5-6 манаттан (расмий курс боюнча 1,5 доллар) сатылууда», — деди ал.
Түркмөнстандын Лебап, Мары жана Дашөгүз облустарындагы мамлекеттик дүкөндөрдө акыркы үч айдан бери күнүмдүк керектөөдөгү азык-түлүктөр, анын ичинде ун тартыштыгы өкүм сүрүүдө.