www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун тарапташтары менен милиция УКМКнын алдында тиреше кетти. Бул тууралуу депутаттын тарапташтары билдирди.

Ушул тапта "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Алмамбет Шыкмаматовду колдогон митинг уланып жатат. Депутаттын тарапташтары Алмамбет Шыкмаматов чыкмайынча тарабай тургандыгын кабарлады.

Эске сала кетсек, депутат эртең меники саат 10:00 УКМК суракка кирип кеткен боюнча чыга элек. Ал 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде УКМКга сурак берүүдө. Бул көрүнүштү депутат четке кагып, саясий куугунтук экендигин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости