www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пифагор деген эсептин атасы биздин коомдо жашаса, боздоп ыйлап иймек. Атургай сакалын өрттөп Ак үйдүн алдында турмак. Дегеним, биздин өкмөткө эч түшүнүп болбойт. Маселен, кайсы бир нерсени сатып алыша турган болсо, асмандын баасы менен сатып алышат, ал эми мамлекеттин мүлкүн сата турган болсо, ит бекер сатып жибергенге ашыгышат.

Албетте, көмүскө келишимдин жыты буруксуп, муруту жыртайып турганын эл деле түшүнүп турат. Ага болушпайт. Мисалы, 2010-жылдан кийин улутташтырылган БНК май коюучу жайын ит бекер пулдашты, ошол эле «Мегаком» компаниясынын 51% пайыз акциясын адегенде 19 миллиард сомго баалап чыгышты эле, кийин кардар келбей койду деген шылтоо менен «Мегакомдун» 100 пайыз акциясын 14 миллиард сомго баалап чыгышты. Буга окшогон фактылар толуп жатат. Айта берсең, ааламдык кошокко айланып кетет. Деги элдин кызыкчылыгын көздөп иштеген жетекчи качан келет? Же эмне, элдин мүлкүн каалагандай чача бериш керек деген жазылбаган мыйзам барбы? Мам-мүлккө келген Болсунбек Казаков эми эмнени кыйратаар экен?

Булак: Де-факто

Последние новости