www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Алмамбет Шыкмаматов эртең меники саат 10:00 УКМК суракка кирип кеткен боюнча чыга элек. Бул тууралуу депутаттын тарапташтары билдирди.

УКМКнын алдында жарандык активисттер жана ММК өкүлдөрү тургандыгын кабарлады. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Шыкмаматовду УКМК сурактан кийин камап коюшу мүмкүн деп шектенүүдө.  А.Шыкмаматовду коргоо комитети саат 17:00 элдерди УКМК алдына чогулууга чакырык таштады.

"Алмамбет Шыкмаматовду камакка алат окшойт, эртең мененки саат саат 11де УКМКга суракка кирген болчу. Учурда саат 16:30 болду, чыга элек. Аны колдоп УКМКнын алдында чогулган эл тараган жок. Эгер, сурактан ары камакка ала турган болсо митинг уланып, элдин саны мындан дагы көбөйөт дешүүдө, деген пикирин Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына жазып чыкты. 

Эске сала кетсек, депутат Алмамбет Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда "жасалма тендер өткөрүүгө аралашкан, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде 17-февралда УКМК тарабынан коңгуроо кагылган.

Ушул тапта депутат А.Шыкмаматов УКМКга сурак берүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости