www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору 2-окууда каралууда. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
Суроо-жооп жүрүшүндө депутат Алтынбек Жунус уулу өткөн жылы Бажы кызматынын натыйжалуулугун оптимизациялоо жана пландалган иш-чаралардын алкагында аталган кызматтын бюджети 500 млн сомго көбөйтүлгөндүгүн билдирип, үстүбүздөгү жылдын 3 кварталынын жыйынтыгы боюнча Бажы кызматы натыйжалуу иш көрсөтө албаганын – бажы жыйымдарын чогултууда 4 млрд 580 млн сом түшпөй калганын сынга алды.
Бажы кызматынын төрагасы жыйымдарды чогултууда болжолдонгон көрсөткүчтөргө жетпей калуунун себебин импорттун 10%га төмөндөшү, анын ичинде Кытайдан кирүүчү товарлардын көлөмү 12%га азайып кеткендиги менен түшүндүрдү.
Депутат Алтынбек Жунус уулу контрабандага каршы күрөшүү, салык жана бажы жүрүмдөрүн автоматташтыруу жана фискалдаштыруу боюнча чараларды күчөтүү керектигин баса белгиледи.
Мындан сырткары, эл өкүлү жол куруучу атамекендик компанияларды колдоо боюнча механизмдерди иштеп чыгууну сунуш кылды. Анын пикиринде, донор уюмдар жол куруу боюнча насыялык долбоорлорду чет өлкөлүк компанияларга берет, алар болсо долбоорду кайра эле субподрядга кыргыз компанияларына тапшырат.
КР Премьер-министри М.Абылгазиев депутаттын пикирине макул болуп, Өкмөт атамекендик жол куруучуларды колдоо боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууга ниеттенип жатканын маалымдады.
Булак: NazarNews.kg