www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен согушунуна катышкандардын статусун көтөрүү керек, бул өтө маанилүү. Мындай пикирин депутат Сүйүн Өмүрзаков бүгүн, 2-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин саны жыл сайын азаюуда. Афган согушуна катышкандар өзүлөрүнүн өмүрүн тобокел кылып, афган элинин коопсуздугун коргойбуз деп бир канча жарандарыбыз каза болду, дагы бир нечеси майып болду. 

Ал эми эң негизги Баткен согушуна катышкандар мекенди, элди, жерди коргошту. Аларга Кыргыз Эл баатыры деген наамды берсек болот. Ошондуктан жумушчу топ түзүп, аталган маселени карап чыгышыбыз керек. Себеби өсүп келе жаткан жаш муундардын мекенди коргоо сезимин көтөрүү керек. 

Депутат Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылып, бул боюнча протоколдук тапшырма берип коюсун суранды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости