www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучу ур-токмоктон көз жумду. Бул тууралуу Сузак РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Сузак районунун тургуну 1-март күнү саат 16:30 чамасында 2008-жылы туулган инисин Сафаровка айылында жайгашкан Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучулары сабап, окуя болгон жерден качып кетишкендигин билдирген. Ал эми окуучу Октябрь аймактык ооруканасында эсине келбей каза болгон.
Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 122-беренесинде (адам өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө, 1-март күнү саат 14:00 чамасында Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде 10-класстын 4 окуучусу ошол эле мектептин 9-классынын 5 окуучусун бир катарга тизип алып “эмнеге түндө көчөгө чыкпай жатасыңар” деп колдору менен уруп жатышкан учурда, 2008-жылы туулган окуучу денесине келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылганы такталган.
Кылмыш иши боюнча Сузак районунун тургундары 2006-жылы туулган Д.М., 2006-жылы туулган Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А. жана 2007-жылы туулган А.Ө. кармалып, Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Булак: NazarNews.kg