www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 1-мартта АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен баштаган делегацияны кабыл алды, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.
Саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу мамилелердин күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү, ошондой эле аймактык кызматташтыктын негизги аспектилери каралды.
Сүйлөшүүнүн башында АКШнын мамлекеттик катчысы мамлекет башчысына Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Жо Байдендин саламын жана жакшы каалоолорун айтты.
«АКШ Өзбекстандын көз карандысыздыгын, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн колдоого бекем ниети дагы бир жолу кайталанды. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан артка кайтпас демократиялык кайра курууларга жана социалдык-экономикалык реформаларга жогорку баа берилип, ар тараптуу колдоолор айтылды», - деп жазат президенттин басма сөз кызматы.
Өзгөчө адам укуктарын жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу, мажбурлап эмгекке каршы күрөшүү, сөз эркиндиги жана массалык маалымат каражаттарын колдоо жаатындагы реформалар, жарандык коом институттарын өнүктүрүү жана башка көптөгөн багыттар боюнча чоң жетишкендиктер белгиленди.
Жолугушууда өзбек-америкалык көп кырдуу мамилелердин жетишилген жогорку деңгээли айтылды.
Булак: NazarNews.kg