www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Көтөрүлүп жаткан маселенин баары эле бажы кызматына да, ал эмне үчүн келген жок”. Минтип бүгүн, 10-октябрдагы парламенттин “Ар кыл маселелер” жыйынында депутат Бактыбек Турускулов нааразы болду.
Жыйындын жүрүшүндө Бажы биримдиги боюнча мыйзамга алымча, кошумча киргизген мыйзам долбоор каралып жаткан. Ошол учурда, Бажы кызматынын башчысынын чакырылбагандыгынан улам, Турускулов мурдагы берилген суроолорунун жоопсуз калганын эскертти. Айтымында, депутаттын суроолору мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда берилген.
Анткен менен, мыйзам долбоорун караган комитеттин төрагасы Исхак Пирматов мыйзам долбоору учурда үчүнчү окууда каралып жатканын эскертип, “ооба, саясатына экономика министирлиги жооп берет. Негизги баяндамачы каржы министрлиги. Эмне маселе урматтуу депутат. Бул үчүнчү окуу да. Мен жооп берейин” деди Приматов.
Булак:NazarNews.kg