www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кенештин депутаты Марлен Маматалиев Сусанна Егоряндын инстаграмм баракчасына кат жөнөтүптүр. Анда ал Сусаннаны жарандыгын алмаштырбоону өтүнүп, эл аралык сулуулар конкурсунан биринчиликти жеңип алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип өтүптүр.
Белгилей кетсек Сусанна Егорян ага чейин өзүнүн инстаграмм баракчасына ачык эле өлкөнү башка өлкөлөргө тааныштырганын милдет кылган. Анын жазгандарын туура түшүнсөк, Кыргызстан биринчи жолу Дүйнөлүк сулуулар сынагын жеңди. Керек болсо аны чет өлкөнүн жаңылыктары кеп кылып жаткан учурда, өкмөт расмий кездешип же ага белек-бечкек бермек тургай, “рахмат” деп айтканга жараган эмес. Муну ал көпкө күткөн. Анан акыры өкмөт уялсын деген таризде минтип таарынычын жазганын билдирет.
Ал эми эл өкүлүбүз ага чындап боор ооруганбы же башка үмүт менен жазганбы өзүнөн башка ким билсин ...Негизгиси, кыз үчүн, анын үстүнө сулуу кыз үчүн жөн эле көңүл да...
Булак: NazarNews.kg