www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Марат Мураталиев министрлер кабинетинен дайынсыз жоголгон жоокер Дастан Анарбековду издөө иштерин тездетүүнү талап кылды.

Депутаттын айтымында, буга чейин ДНК экспертиза дайындалган.

«Ал дайындалды, бирок жарым ай өттү. Процессти тездетсе жакшы болмок. Апасы ыйлап жатат, ооруканада жабырлануучулардын биринин сөөгү жатат. Дастан Анарбековдун жакындары анын кимге таандык экенин тактап берүүнү суранышууда», - деди Марат Мураталиев.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкери Дастан Анарбеков Баткен облусуна Тажикстандын аскерий агрессиясы учурунда дайынсыз жоголгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости