www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Гульнара Акимбаева Бишкек шаарындагы "Ардагер" геронтологиялык борборуна барып, энелерди 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. 

Эл өкүлү аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалап, улуу муунду сыйлоо жана татыктуу шарттарды түзүү жалпы коомдун милдети экенин билдирди. 

"Элибизде карылардын орду ар дайым бийик сакталып келген жана сактала берет. Бекеринен "Бейиш – эненин таман астында", "Карынын кебин капка сал" жана "Карысы бардын ырысы бар" деген кептер айтылбайт. Андыктан сиздерге болгон сый-урматыбыз абдан жогору", - деди.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, атайын белектер да тапшырылды.

Последние новости