www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Казыбек Эргешов 7-октябрдагы жыйында Түштүк-Батыш көрүстөнүнөн алдын-ала жай сатып алган миңдей киши жерге ордер берүүнү талап кылып кайрылганын билдирди.

"Түштүк-Батыш көрүстөнү иштеп турган учурда миңдей адам жерге берилген туугандарынын жанынан жер сатып алышкан экен. Ошол миңдей адамдын жүзгө жакыны сатып алган жерге ордер берүүнү талап кылып кайрылышкан. Документтер болгон экен, бирок көрүстөндүн документтерди сактоочу жайы өрттөнүп кетиптир. Сатылып алынган жерлер бош турат экен. Азыр ал жерлер кайра сатылып жатат деп арызданып келишти", - деди Эргешов.

Депутат көрүстөндөгү жерди инвентаризациядан өткөрүп, кайрылган жарандардын маселесин чечүү боюнча тапшырма берилгенин билдирди.

“Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынынан буга байланыштуу комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бош жер калбаганына байланыштуу Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнө сөөк коюу 2021-жылдын 1-январынан тарта токтотулган. Депутат Эргешовдун айтуусунда азыркы учурда да көрүстөнгө сөөк коюлган учурлар бар.

Май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкектин “Аза кызматтарын көрсөтүү агенттиги” муниципалдык ишканасынын кызматкери 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын билдирген.

Бишкектеги көр сатуу фактылары тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы Уланбек Эгизбаев иликтөө жүргүзүп, анын негизинде 2019-жылы кылмыш иши козголгон.

Тергөө жүргүзгөн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иш эмне болуп аяктаганы жөнүндө маалымат берген эмес. Эгизбаевдин коомдо резонанс жараткан «Көрүстөндөгү коррупция» телепрограммасы эфирге 2018-жылы 30-майда чыккан. Анда аталган көрүстөндөгү коррупциялык схемалар ачык айтылып, кабыр сатуу бизнеске айланып кеткени баяндалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости