www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК депутаты Жумабек Салымбеков Кыргызстанда иштеген маркетплейстерди каттоодон өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштады.

Эл өкүлү электрондук соода тармагындагы мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштап, бул сапатсыз товарлар үчүн жоопкерчиликти күчөтөрүн белгилеген.

"Wildberries жана Ozon каттоодон өтүп, бул жакта өз филиалдарын ачышты. Кыргызстанда иштегиси келген башка эл аралык маркетплейстер да катталууга тийиш. Сапатсыз товар алгандар кимге кайрыларын билбей калышат", — деди депутат.

Ошондой эле ал электрондук товар сатып алгандарга керектөөчүлөрдүн укугун коргогон органдар да жардам бере албай жатканын кошумчалаган.

Последние новости