www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) биологиялык курал жаатындагы изилдөөлөр үчүн каражат бөлүп келгенин америкалык ишкер жана мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү боюнча жаңы департаменттин (DOGE) башчысы Илон Маск X социалдык түйүнүндө билдирди.
«USAID сиздин салыктарыңыздын эсебинен миллиондогон адамдардын өмүрүн алган COVID-19 сыяктуу биологиялык курал боюнча изилдөөлөрдү каржылаганын билесизби?» — деп жазган ал.
Буга чейин Маск USAIDди кылмыштуу уюм жана «Американы жек көргөн радикал солчул марксисттердин жылан уюгу» деп атаган.
USAID чуусунан кийин «Трамп демократияны колдоого бөлүнгөн акчаны токтотту. АКШ гранты менен иштеген уюмдар жабылып жатат. Дональд өз билгенин кылууда» деген нааразычылктар арбыды. Трамп тараптан болгон саясий жүрүштөр көпчүлүктүн көңүл чордонунда болуп жаткан учур.