www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай окуя Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатканын Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Аталган факты боюнча 2022-жылдын 20-октябрында Ички иштер министрлиги тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, анын негизинде тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 22 адам кармалып, бирөө үй камагына чыгарылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев билдирди.

Ички иштер министрлиги тарабынан жашыруун иликтөө жүрүп жатат. Алар маалымат бере алышпайт, деген Бекешев Башкы прокуратуранын өкүлүнө кайрылды.

«Көзөмөлдөө учурунда кимдер катышып, кимдер катышпаганын тактадыңызбы? Буга эч кандай тиешеси жокторду эмнеге камап жатышат?

Экинчи суроо аялдар жөнүндө. Асия Сасыкбаева 71 жашта. Ал бийликти басып алуу үчүн эч качан аракет кылбайт. 63 жаштагы Гүлнара Журабаева. Мен аны жакшы билем, ал мыйзамды сактаган киши. Көзөмөлдү киргизгенде, кадимкидей иштешиңиз керек. Же жогору жактан келген буйрукту аткарасыздарбы? Жээнбековдун убагында да, Бакиевдин, Акаевдин убагында да буйруктар болгон. Азыр дагы болуп жатат», - деди Бекешев.

«Мында бардыгы мыйзам чегинде өттү. Сот тараптан баары мыйзамдуу жана негиздүү деп табылган. Эч кандай мыйзам бузуу фактылары жок”, - деди Башкы прокурорунун орун басары Турусбек Ишеналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости