www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин эки айга токтотту.
Маалым болгондой, мындай чара өлкөнүн маалымат мейкиндигинде Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген ишенимсиз материалдарга (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу такталбаган маалымат) жооп кайтарууга байланыштуу.
Министрлик 2022-жылдын 16-сентябрында "Настоящее время" ресурсунда (Азаттык медиасынын ведомстволук түзүмү) “Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында катуу салгылашуулар | АЗИЯ" деп аталган видеоматериал бар экенин аныктаган, анда эфирде кастык маанайдагы сөздөр камтылган. Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда кыргыз тараптын Тажикстанга кол салуусу тууралуу такталбаган маалыматтар, коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандарды жек көрүүнү, басмырлоону жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган.
Буга байланыштуу министрлик 2022-жылдын 17-сентябрында “Азаттык” медиа мекемесине ЖМК чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдардын нормаларын так сактоо жана Кыргыз Республикасынын интернет мейкиндигинде такталбаган (жалган) маалыматтардан коргоо боюнча кайрылуу жөнөткөн.
Бирок бул кайрылуу көңүл сыртында калып, "Азаттык Медиа" жооп бербей, тиешелүү чараларды аткарган эмес.
Андыктан министрлик "Так эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 2022-жылдын 24-октябрындагы No12-3/6873 катын (суроо-талап боюнча 24 сааттын ичинде мекеме) көрсөтүлгөн материалды алып салуу) "Азаттык" медиасына жөнөткөн.
Министрликтен келген катка "Азаттык Медиа" мекемесинен сайт тиешелүү чараларды көрүп, аталган материалды өз платформасынан алып салуу боюнча техникалык иштерди жүргүзүп жатканы тууралуу жооп келген. Бирок, ушул күнгө чейин бул видео өчүрүлө элек.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде "Сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин аракеттерине даттануу, такталбаган (жалган) маалыматтарды алып салуу жана такталбаган (жалган) маалыматтарды таратууга байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ишин убактылуу токтотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтому менен бекитилген Интернеттеги маалымат", Министрлик 2Азаттык Медиа" веб-сайттарынын хостинг/интернет-провайдерлери жана байланыш операторлору тарабынан ишин убактылуу (эки айлык мөөнөткө) токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды.
Эске салсак, буга чейин "Азаттык", "Кактус медиа" жана "Клооп"ту жабуу талабы коюлган митинг өткөн.
Булак: NazarNews.kg