www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз эркин коомдо жашашыбыз керек. Мындай пикирин депутат Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бүгүн Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Жогорку Кеңешке келип, Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы чыккан активисттердин кармалышы боюнча маалымат берүүдө.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков жарандык коомго көрсөтүлгөн чаралар орой болгонун билдирди.

"Мындай кырдаал тарыхта болгон эмес. Жарандык коом ачык-айкын маселелер боюнча, бийликтин чечимдерине каршылыкты анда кандай жол менен көргөзө алат? Көргөзгөнгөн позицияңар боюнча тынч чогулуш өткөрбөшү керек экен. Анда жарандарыбызга чогулбагыла, унчукпай отургула, сөз эркиндиги бүттү деп айткыла. Сот чечими жок силер жарандарды камадыңар. Аудио жазууларга экспертиза жүргүзүү керек эле. Жаза процессуалдык кодекс бузулду.

Алар биздин мекендештерибиз, мамлекет үчүн күйгөн инсандар. Алар эркин коом үчүн, адам укуктары үчүн күрөшүп келишкен. Сиздер токтотушуңуздар керек. Биз мамлекетибизди өнүктүрүшүбүз керек. Эркин коомдо өнүгүү болот. Биздин элдин мүдөөсү, каалоосу башкача. Биз эркин коомдо жашашыбыз керек. Жаңыча, башкача жашайлы. Маңкурт болбой, адам бололу", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости