www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Массалык камоолор боюнча бийлик органдарын этият болушу керек. Мындай пикирин бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Эл өкүлү кармалган 20дан ашуун жарандын арасында өлкөнүн мекенчил уул-кыздары бар экенин белгилеп, буга чейинки бийликтин тушунда да ушундай окуялар болгонун мисал келтирди.

"Абайлаңыздар, азыр бийликте отургандарга да убагында ушундай эле жалаа жабылып, ушундай эле кине коюлган. Ошондой болуп калбайт деген кепилдик жок, бул кайтар дүйнө", - деди Кадырбеков.

Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. 

Бул ортодо Кемпир-Абад суу сактагынын айланасындагы маселе боюнча 20-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков кызматтан алынды.

Ал эми 23-октябрда Кемпир-Абаддын айланасындагы чууга байланыштуу 22 адам кармалган. Алардын арасында белгилүү саясатчы, журналист, активисттер бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости