www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Терең изилдөөлөр жүргүзүлсө, кыргыз жөнүндө мүмкүн, Сыма Цзяндан да кыйла мурунку кылымдарга таандык жазма маалыматтар табылып калышы ыктымал. Бул тууралуу тарыхчы жана коомдук ишмер Дастан Сарыгулов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
- Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө 2200 жыл деп эле чуулдап жатышат. Чын эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тамыры ушунча тереңби? Эгер андай болсо эмне үчүн буга чейин бул маселе азыркыдай деңгээлде көтөрүлбөй келди?
- Байыркы мезгилдин кытай тарыхчысы Сыма Цян ⟪Ши цзи» эмгегинде биздин доорго чейин 201-жылкы окуяларды баяндап, кыргыз кандыгы жөнүндө маалымат бергени бүгүн кеңири белгилүү болду. Ошол маалыматка таянып 2200 жыл жөнүндө сөз болуп жатат окшойт. Атактуу окумуштуу, түрк элдерин изилдөөчү, академик В.В.Бартольд (1869-1930-ж.ж.) өз эмгектеринде (Москва ш., 1963 1977-жж. 1-9 том) минтип жазган: «Кыргызы принадлежат к числу древнейших народов Средней Азии. Из народов (...), живущих в Средней Азии, в настоящее время, нет, по-видимому, ни одного, название которого так рано встречалось бы в истории».
1847-жылы туулган, XIX кылымдын белгилүү окумуштуусу Н.А.Аристов өз эмгектеринде кыргыздар жөнүндө андан да байыркы маалыматтарды берген. Маселен, XIX кылымдын аягында жазылып, өз учурунда жарык көрбөй, 2001-жылы гана басылып чыккан эмгегинде Н.А.Аристов минтип жазат: (мазмунун толук жана так берилишин көздөп, которулбай келтирилди): «По близости имен и по обитанию в наиболее малодоступных местностях западного Тянь-Шаня... является ныне вероятным потомством сэ или саков кара-киргизский род...» (27-бет), «... B связи с различными историческими, этнографическими и другими данными, которые побуждают полагать, что усуни есть прямые предки нынешних кара киргизов, занимающих западный Тянь-Шань, и первоначально составляли часть обитавшего на Енисее кыргызского народа. Наличность на Енисее с древнейших времен до XVIII столетия народа того же имени, языка, наружности и обычаев, как тяньшанские Тяньшанские кыргызы, доказывает, кыргызы составляли что некогда енисейские И один народ, разделившийся ранее III века до Р.Х (рождения Христова) на две части, из которых одна осталась на Енисее до XVIII столетия, а другая, которую китайцы называли усунями, подалась на юг от хребта Танну и занимала нынешний аймак Цзасакту-хана, пока не была вынуждена хуннами перейти в западный Тянь-Шань» (136 бет), «... Кыргызов, разделившихся ранее III века до Р.Х. на ветви енисейскую и усунскую» (142-бет), «...Мне кажется весьма ВОЗМОЖНЫМ, что кыргызы именно и есть усуни и что народное имя у усуней был кыргыз, а имя усуней было только политическим термином, названием того аймака или того политического союза кыргызских родов, который ранее III века до Р.Х. отделился от оставшейся на Енисее части кыргызского народа и переселился на юг от хребта Танну а потом во II веке до Р.Х. передвинулся в западный Тянь-Шань» (219-бет).
Демек, кыргыздар Алтайды мекендеген бир эл болуп, биздин доорго чейин III кылымдан мурун (мүмкүн IV, V же VII кылымда??) эле экиге бөлүнгөнү айтылып жатат. Муну эске алсак, кыргыз эли түптөлгөнүнө 2500-2700 жыл болгону жөнүндө бышык айта берсек болот.
Терең изилдөөлөр жүргүзүлсө, кыргыз жөнүндө мүмкүн, Сыма Цзяндан да кыйла мурунку кылымдарга таандык жазма маалыматтар табылып калышы ыктымал. Андай болуу мүмкүн эмес деп бүгүн эч ким кесе айталбайт.
- Бул оюңузга дагы далилдер барбы?
- Кыргыз тили да жапон тили да алтай тилдерине киргени бүгүн илимий денгээлде далилденди (эки тилдин түзүлүшү, грамматикасы бир, мааниси бир сөздөрдүн саны да арбын, элдик аспаптар: комуз менен самисен да эгиздей, түбү бир ( үч кылдуу, беренеси жок, аткаруу ыкмалары окшош). Эки элдин түбү бир, Алтайды мекендеп, Алтайдан тараганы шексиз. Жапон элинин өкүлдөрү (жерлерди, элдерди кыдырган, билимдүүлөрү) өздөрүн түрк элдеринин арасынан жалаң гана кыргызга жакынбыз деп айтышат. Эки элдин дүйнө таанымы да бүгүнкү күнгө чейин Теңирчилик. Айырмалары жана окшоштуктары эки элдин ажыраганына кеминде эки жарым-үч миң жыл болгонун аныктайт. Ушуга байланыштуу, Үмөт молдо (1883-1943-жж.) жазып калтырган санжырасында да (Илимдер Академиясында инвентардык номери 191, 421-437 беттеринде): «Кыргыз уругу Мухамбет алейхисаламдан үч миң жыл мурун калк болгону айтылат!.
Тарыхчы, акын, изилдөөчү К.Мусаевдин 2002-жылы жарык коргон «История великой кыргыз-кыпчакской империи» аттуу китебинде да терең ойлонткон маалыматтар келтирилет.
Менин терең ишеничим боюнча, 1996-жылы басылып чыккан «Языки мира» «Тюркские языки», Москва, 1996г. (543стр.) деген китепте берилген маалыматта терең сыр жатат. Анда минтип жазылат: «Сближения между языком текстов шумерской клинописи (III тысячелетие середина I тысячелетия до н.э) и современными тюркскими языками нельзя расценивать как доказательные. Идею родства между языком эламских клинописных надписей (конец III тысячелетия XII-X вв до н.э.) и тюркскими языками также нельзя считать убедительной.
Анализ сходных по звучанию и смыслу слов из языка майя (до XVI в н.э.) и данных алтайских языков (большей частью тюркских) не может свидетельствовать об их генетическом родстве.
Параллели в областики фонетики, морфологии и лексики языка этрусских надписей ( VI-I вв до н.э.) и современных тюркских языков не дают оснований для заключения об их родственных связах Современные исследования относят период распада алтайского праязыка к тысячелетию до н.э. (О.П. Суник), VII тысячелетию до н.э. (С.А.Старостин)». (7-8 беттер).
Бул маселе терең изилденсе, адамзаттын байыркы тарыхындагы ала жерлеринин бир тобу ачылып, такталат эле. Шумер эли, Этруск эли кайсы жерден келишкен? Индеецтердин, Майя эли менен алтай элдеринин каны бир экенин (жалпы генотипте болушу) илимий далилденгени эмнени билдирет? Ушуга окшогон суроолорго жооп табуу - келечек муундардын милдети деп үмүттөнсөк болот.
Булак: NazarNews.kg