www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Абайлаңыздар, убагында азыркы бийликте отурган башчыларга да ошондой эле жалаалар жабылган. Ушул жерде айрым адамдар ушинтип отуруп алып, чынында фактылар бар деген. Бирок, ал кишилер учурда бизди башкарып жатат. Андыктан мындай нерсе кайталанбайт деген кепилдик жок. Мындай пикирин депутат Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 26-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кармалган саясатчы, активисттердин арасында ызы-чуудан башы чыкпай, митингдерге катышып жүргөндөр бар. Бирок, ошондой эле мындай саясий иштерге биринчи жолу аралашып жаткандары да бар. Мисалы, Эрлан Бекчоро, Атай Бейшенбек. Кечээ эле Баткен окуясында маалымат согушунда чоң кызмат кылган. Мына ушул жарандардын далилин таптыңарбы же жөн эле көпчүлүктүн арасында камап койдуңарбы", - деп сурады депутат.
ИИМдин башчысынын орун басары Эркебек Аширходжаев, ар бир жаран боюнча далилдер каралып, чечим кабыл алынганын, бул жерде жамаатык жоопкерчилик жок, ар бири жарандын кыймыл аракетине жараша юридикалык баа берилээрин белгилеп өттү.
Сөздөрдү да экспертиза кылыш керек деди Кадырбеков.
"Кыргыздар ачуусу келгенде, өлтүрүп коём, моюнуңду жулуп алам же бир жериңди сындырып коём дейт. Жөн гана сөз үчүн жоопко тарткан туурабы? Сөз айтылды, бирок аракет башталбаса жоопко тартылабы? Кечээки аудио жазуулардан айрымдарынын үнүн да уккан жокмун. Ал сөздөр эмоция менен гана айтылып кетти. Ал ишке ашырылбайт", - деди депутат.
"Аларга тагылып жаткан беренин аталышы массалык баш аламындыктарды уюштурууга даярдануу. Сөз үчүн эле камап коюу деген жок. Биз көчөдөн бир жаран башынды жулам десе эле камап койгон жерибиз жок. Алардын аракеттерине анализ жүргүзүп, анан камакка алып жатабыз", деди Эркебек Аширходжаев.
Депутат ошондой эле, Бишкектеги СИЗО-1дин кызматкерлери камалгандарга эч нерсе болбойт деп кепилдик барбы, деп суроо салып, Садыр Жапаров СИЗОдо жатып кандайдыр бир деңгээлде жаракат алганын эске салды.
Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Сыдыков УКМКнын функцияларына камакка алынгандардын жеке коопсуздугун камсыз кылуу да кирерин, бирок алар саясатчы, активист же блогер деп бөлүнбөй турганын айтты.
Булак: NazarNews.kg